"Эркин-Тоо"
№10 2023-жылдын 10-февралы

Кудайберген БАЗАРБАЕВ: “УЧАККА КЕЧИГИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН ЭЛЕ, БИРОК САХНАГА ЭЧ КАЧАН КЕЧИККЕН ЭМЕС”

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген БАЗАРБАЕВ

СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин көзү тирүү болсо быйыл 75 жашка чыкмак. Анын балет искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы эбегейсиз зор. Чынында эле Советтер Союзунда “СССРдин Эл артисти” наамын биринчи кыргыз бийчиси алган. Ала-Тоонун уулуна Союздун мыкты театр сахналарында гана эмес, Италиянын, АКШнын, Япониянын, Швециянын, Франциянын жана дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүнүн эң алдыңкы сахналарында таазим этишип, токтобой кол чабышкан. «Албетте, тээ 1958-жылы Фрунзенин тажрыйбалуу балетмейстерлерин таң калтырган кичинекей ат-башылык бала качандыр бир күнү Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалай турганы эч кимдин оюна келген эмес», — деп эскерет артисттин бир тууган иниси, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

— Кудайберген Базарбаевич, агаңыздын балетке болгон идиреги ата-энеңизден өткөнбү, же бала кезде эле бар беле?

— Бул жөнүндө биздин атаэнебиздин оюна да келген эмес. Атам согуштан кийин Ат-Башы, Тогуз-Торо райондоруна партиялык иштерге жиберилип, анын натыйжасында үй-бүлөбүз да ар кайсы аймактарга көчүп турчубуз. Атам искусствону түшүнгөн адам болгон менен согушка чейин 1930-жылдардын башында агам сахнада биринчилерден болуп башкы ролдорду, образдарды жаратса да кичинекей уулун алыскы Фрунзеге коё берүүгө батынган эмес. Чолпонбек агамдын таланты мугалими Гүлбара Бакированын жан дүйнөсүнөн орун алып, улуу талант чыгаарына көзү жеткенби, бир жыл өткөн соң ал ата-энемди көндүргөн. Ошентип анын 10 жашында балетке болгон кызыгуусу күч алып баштады. Албетте, алгач өзү теңдүү айылдык балдардай эле балет жөнүндө аз билчү. Бара-бара балетти сүйүп, ага берилип, өмүрүн арнады.

— Кийин Кыргыз опера жана балет театрын жетектеп калды. Жетекчилик кызмат анын чыгармачылыгына тоскоол болгон жокпу?

— Агам азыркы учурда анын атын алып жүргөн музыкалыкхореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин Москва шаарынын Чоң театрында бир жылдык стажировкадан өткөн. Биринчи окуу жылы бүтүп каникулга келгенде атабыз каза болуп, Чолпонбек агам 19 жашында биздин үй-бүлө үчүн ата ордуна ата болуу жоопкерчилигин алды. Бирок, бул анын опера жана балет театрынын алдыңкы артисти болууга тоскоол болгон жок. Анын негизги аткаруучулук чыгармачылыгынын башаты «Бахчисарай фонтаны» балетинен башталган, экинчи башкы ролу П.И.Чайковскийдин «Ак куу көлү» легендарлуу балетиндеги Принц Зигфриддин партиясы болгон. Ошондон баштап Чолпонбек Базарбаев улуттук балет труппасынын солисти болуп калды. Бул жылдар аралыгында ал дүйнөлүк балет классикасынын спектаклдеринде отуздан ашык башкы ролдорду сахнада чагылдырган. Көп жылдар бою анын сахнадагы өнөктөшү СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева болгон. Анын өнөрүнө ошол учурдагы союздук республикалардан башка Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүндө да күйөрмандары болгон. Ал театрга бүтүндөй күчүн арнап, театр элди бириктирген кайталангыс маданий борбор экенин далилдеди. Чын дилинен кызмат кылды. Ал үчүн театр ыйык эле. Спектаклдерге эч качан кечикчү эмес. Учакка кечигип калышы мүмкүн эле, бирок сахнага эч качан кечиккен эмес. Анын сүйүүсү жалгыз эле балетке эмес, баарыбызга жетчү.

— Сүйүү демекчи, агаңыз канча жашында үйлөндү эле?

— Ал жалгыз махабаты Надя жеңем менен азыркы учурда өзүнүн атын алып жүргөн музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуп жүргөн мезгилде таанышкан. Колуктусу Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошушуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүштү. Ал аралыкта алар эки баланы татыктуу тарбиялап, уядан учурушту. Жеңем башка улуттун кызы болсо да, апама, агамдын төрт бир тууганына эч жаман мамилесин көрсөткөн жок. Надя жеңем мени театрга алып барып, сахнада эмне болуп жатканын жөнөкөйлөштүрүп айтып бергени эсимде. Бала кезимде кээде спектаклде уктап калып, фойеде чуркаганды каалап, чыдамсыздык менен антрактты күтчүмүн. Кийин, агамдын түйшүктүү аракеттерин көрүп, менде дагы балетке болгон сүйүү пайда болду. Сахнадан элге кубаныч, рахат тартуулоо үчүн канча эбегейсиз эмгек кылуу керектигин түшүнө баштадым.

– Агаңыздын кандай сапаттарын баалачу элеңиз?

— Биздин үй-бүлөдө бардык жетишкендик катуу мээнет менен келет деген ички мыйзамыбыз калыптанып калган. Агамдын да, менин да эмгек жолум ошондой болду. Балдарыбызды да ушул ички мыйзамыбыздын негизинде тарбиялап, окуттук. Ушу тапта неберелеримди да ушул тартип менен тарбиялап, татыктуу билим алышына көмөктөшүп турам. Жакшы жетишкендик талыкпаган билимдин жана эмгектин аркасынан гана келерин бир саамга дагы эстен чыгарбайм. Чолпонбек агам бала кезинен эле ишке өзгөчө жөндөмдүүлүгү жана туруктуулугу менен айырмаланчу. Өмүр бою китеп окуганга көп убакыт коротуп, китеп чогулткан, ой чабыты абдан кенен эле. Бул сапаттар ага «Саманчынын жолундагы» ошол эле Касымдын же «Өлбөстүк» балетиндеги Чолпонбай Түлөбердиевдин образдарын укмуштуудай ачып берүүгө жардам берди. Кийин деле Маданият министри болуп 90-жылдардын катаал мезгилинде театрды коргоп, артисттердин таламын талашып, кыргыз балетин сактап калуу үчүн болгон аракетин жумшаган. Ал он жылга жакын Кыргызстандын театр ишмерлер союзунда төрага болуп, үч жыл өлкөнүн Маданият министрлигин жетектеп турду. Андан соң Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында директор, ошол эле учурда көркөм жетекчи кызматын аркалады. Шум ажал, күтүүсүз кырсык аны күлгүндөй 53 жашында арабыздан алып кетти.

— Чолпонбек Базарбаев башта эле Түрксой эл аралык маданияты уюмун түзүүнүн үстүндө көп аракет кылган дешет. Ал боюнча сиздин кабарыңыз бар беле?

— Албетте, 1990-жылдардын башында агам азербайжандык кесиптеши Полад Булбул-оглу менен Түрксой эл аралык түрк маданияты уюмун түзүүнү демилгелеген. Бүгүнкү күндө ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн аймагында ийгиликтүү иштеп, маданият жана искусство маселелерин жайылтууда. Ал гана эмес ага Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнүн белгилөө жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча биринчи театр фестивалын өткөрүү идеясы да таандык. Ошондой эле Гринвилл жана БатонРуж (АКШ) шаарларынын ардактуу жараны, Япониянын «МинОн» эл аралык музыкалык сыйлыгынын лауреаты, «Данакер» орденинин ээси экенин сыймыктануу менен айтам. Анын 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамына татыктуу болгонун көпчүлүк биле бербейт.

Разия ЖООШБАЕВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы