"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Кудайберген» базарында унаа тыгындарын алдын алуу боюнча рейд өттү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, «Кудайберген» базарынын айланасында унаа тыгындарын азайтуу жана токтотуу эрежелерин бузууну алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд Биринчи Май районунун башчысынын орун басары Азиз Байысовдун жетекчилиги менен өтүп, ага Биринчи Май райондук ИИБ, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) жана №15 МАБ кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Дэн Сяопин көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде 17 унаа уруксат берилбеген жерлерге токтотулганы аныкталды. Мындан тышкары, базардын жанында унаа тыгындарын болтурбоо үчүн түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Муниципалдык администрация Волков көчөсүн Патрис Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки аралыгын эки тилкеден төрт тилкеге чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн да карап чыкты. Бул боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле шаар көчөлөрүндө жол кыймылына жана жашылдандыруу иштерине тоскоолдук жараткан кароосуз калган унааларды аныктоо иштери улантылууда.