"Эркин-Тоо"

Кулпунай өстүрүү – үй-бүлөлүк кирешенин кошумча булагы 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кулпунай өстүрүү боюнча демилгелер активдүү старт алууда. “Жашылча өстүрүү” долбоорунун алкагында быйылкы жылы айылдарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кирешесин арттыруу максатында Италия жана Түркиядан узак мөөнөттө түшүм бере турган кулпунайдын альбион, монтерей, сан-андес сорттору алынып келинип айылдарда түзүлгөн фермердик топторго таратылды.

Кулпунайдын өстүрүүдө тамчылатып сурагуу ыкмалары колдонулуп сууну эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу шарттары сунушдалууда. Долбоордун аракети менен жаздан баштап күзгө чейин айылдарда түзүлгөн фермердик топтун мүчөлөрүнө атайын окуулар өткөрүлүп бардык агротехникалык эрежелер боюнча катышуучулар билимдерин жогорулатуу иштери колго алынат.

Буга чейин бул аймактарда жашылча өстүрүү, жүгөрү өстүрүү жана силос даярдоо боюнча долбоордун алкагында иштер аткарылып келген. Айта кетсек, 2023-жылы Чуй облусуна барып жүгөрү өстүрүү, силос даярдоо боюнча тажырыйба топтоп келсе, быйыл Сары-Камыш айылында “Нурсултан агро консалтинг” чарбасына барып кулпунай өстүрүү боюнча тажырыйба алмашуу иштери да активдүү уланып жатат.

“Жашылча өстүрүү” долбоору Эл аралык  үрөнчүлүк фонду (SPI — Seed Programs International) тарабынан каржыланып, АВЕП коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!