Кулпунай көптөгөн балдардын жана чоңдордун сүйүктүү жемиши. Анын үстүнө бул даамдуу гана эмес, ден-соолукка да пайдалуу. Кулпунайдын 80% дан ашыгын суу түзөт. Анын курамында сахароза, глюкоза, фруктоза, органикалык кислоталар, A, E, B, C, K витаминдери, ошондой эле минералдар (фосфор, кальций, натрий, магний, темир, йод, калий) бар.
Кулпунайдын кан түзүүчү, сезгенүүгө каршы, микробго каршы жана шишикке каршы касиеттери бар. Мындан тышкары, ал эс тутумду жакшыртып, жүрөк-кан тамыр системасынын жана ашказан-ичеги-карын жолунун ишин нормалдаштырат. Кан басымын төмөндөтүп, муун ооруларын жана шишикти кетирет.Дарыгерлер кулпунайды аз кандуулук, кант диабети, атеросклероз, лейкемия, ич катуу, нерв оорулары менен ооругандардын тамагына кошууга кеңеш беришет.
Косметологияда кулпунай маскалары теринин түсүн жакшыртуу жана бырыштарды тегиздөө үчүн, ал эми тамак бышырууда десерттерге, токочторго жана жемиш салаттарына өзгөчө даам кошуу үчүн колдонулат.