"Эркин-Тоо"

Кулпунайдын пайдасы

Жай айы — организмибизге эң зарыл болгон витаминдердин запасын топтоп алууга эң ылайыктуу мезгил. Пайдалуу витаминдердин бир булагы болуп кулпунай эсептелинет. Бүгүн биз дал ушул кулпунай тууралуу сөз кылабыз. Кулпунай — биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы болуп эсептелинет. Анын курамында көп өлчөмдөгү витаминдерден тышкары темир, магний, калий, кальций, цинк, фосфор жана башка минералдык заттар бар. Орточо чоңдуктагы бир лимондо канча С витамини бар болсо, кулпунайдын беш даана мөмөсүндө да дал ошончо С витамини бар. Бул витаминге каныккандыгы жагынан кулпунай жемиштердин арасынан кара карагаттан кийинки экинчи орунда турат. Ал эми курамындагы фолий кислотасы боюнча жүзүм менен малинадан ашат. Андыктан, күнүнө бир нече даанадан кулпунай жеп, иммундук системаңызды, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот.  Кулпунай кайсы  ооруга даба? Кулпунайдын пайдалуу касиети катары анын тамак сиңирүүгө жакшы таасир этип, табитти жакшырткандыгын, заара кубалоочу касиетке ээ экендигин айтууга болот. Ал организмди тазалайт, курамындагы антиоксиданттын эсебинен картаюу процессин жайлатат. Элдик медицинада бул жемишти аз кандуулукта, гипертонияда, атеросклероздо кулпунайдын маңызы дары катары колдонулат. Аны даярдоо татаал эмес: 50 грамм кулпунайдын үстүнө 200 мл кайнак суу куюп, демдеп коюу керек. 2 сааттан соң суюктукту бөлүп алып, күнүнө 3-4 жолу 50 граммдан ичүү сунуш кылынат. Авитаминоздо да кулпунай алмашкыс дары. Семирүүгө каршы эң жакшы каражат. Диетанын негизги шарты — күнүнө 0,5 килограммдан кем эмес кулпунай жеш керек. Зат алмашуунун ылдамдашынын, организмдеги ашыкча суюктуктун бөлүнүп сыртка чыгышынын жана тамак сиңирүүнүн жакшырышынын эсебинен бара-бара салмак түшө баштайт. Муну менен минералдык суу же кантсыз көк чай гана ичүүгө болот. Кулпунай тамеки чеккендер үчүн өзгөчө пайдалуу. Мында РР витамининин жана В тобунунун витаминдеринин көп өлчөмү болгондуктан, кулпунай антидепрессант-жемиш деп эсептелет. Ал уйкусуздукту, кыжырданууну, чарчоону басып, нервди сактоого жана маанайдын көтөрүлүшүнө жардам берет. Кулпунайдын жалбырагында жана мөмөсүндө фитонцид, башкача айтканда, өсүмдүк антибиотиги бар. Мына ушул нерсенин эсебинен кулпунай сезгенүүгө жана микробдорго каршы натыйжа берет. Андыктан, ангинада кулпунайдын жалбырагынын маңызы менен тамакты чайкоо, ооз көңдөйүндөгү жагымсыз жыттан арылуу үчүн оозду чайкоо эң жакшы жыйынтыкка алып келет. Кулпунай сасык тумоонун вирустарынын өсүшүнө тоскоол болот. Андыктан, бул жемиштен жайында көп жесеңиз, кышкы чыкыроондогу ден-соолугуңузга кам көргөн болосуз. Кантты түшүрүүчү касиетке ээ болгондуктан, кулпунай кант диабети менен ооругандарга сунуш кылынат. Кулпунайды кимдер жегенге болбойт? Ашказан жарасы, гастриттен жапа чеккендер сүйүктүү десертине азгырылып ченинен көп жеп алуудан абайлоо керек. Анткени, кулпунайдын майда данектери ашказандын былжырын катуу дүүлүктүрүп жиберет. Муун оорулары барлар да бул жемиштен этиет болуулары керек. Болбосо оорусу ырбап кетүүсү ыктымал. Жогорку артериалдык кан басымына каршы дары ичип жүргөн адамдардын да кулпунайга көп тартылбаганы оң. Андай дарылар менен кулпунай бириккенде бөйрөккө күч келет. Аллергиядан жабыркагандар кулпунайды азыраак жеш керек же артынан кефир ичип алуу керек. Жаш балдарга жана кош бойлуу аялдарга да кулпунайды көп жебөө сунуш кылынат.  Даамдуу косметика: Кулпунайдын курамында жездин чоң өлчөмү бар. Жез — коллагендин иштелип чыгышын шарттайт. Бул зат болсо терини назик жана серпилгич кылат. Андыктан, бардык кулпунай маскалары териге жагымдуу таасир берет. Безеткилерден  арылуу үчүн: Тазаланган бетиңизге алгач кулпунайдын ширесин сүртүңүз. Анан 15-20 мүнөт бул жемиштин боткосун бетиңизге коюп жатыңыз. Андан соң жылуу сүткө малынган кебез менен алып салыңыз. Бул маска кургак жана жарылып кеткен беттерге да эң жакшы. Сепкилден жана тактардан арылуу үчүн: Жаңы кулпунайдын ширеси — бетти агартуучу эң сонун лосьон. Эгер эринбей күн сайын ширени бетиңизге сүртсөңүз, үч жуманын ичинде өзүңүз каалаган жыйынтыкка ээ болосуз.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!