"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кумарбек Абдыровдун жаза мөөнөтүн жеңилдетип берген 3 судьянын үстүнөн кылмыш иши козголду

17 жаштагы Айсулууну зордуктап, андан соң өлтүрүүгө шектелген Кумарбек Абдыров мурда дагы мындай кылмыштарды жасаган.

Ал 2015-жылы бир кызды зордуктоого аракет жасап, башын таш менен жанчып, каналга ыргытып жиберген. Бактыга жараша кыз аман калып, Кумарбек Абдыров ИИМ тарабынан кармалып, Октябрь райондук соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин, Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Абдыровдун ишин карап чыгып, оор беренени жеңилдетип, натыйжада Абдыров райондук сот тарабынан берилген жаза мөөнөтүнөн мурда эле эркиндикке чыгып кеткен.

Эгер, Бишкек шаарынын судьялары Абдыровго берилген мурдагы жаза мөөнөтүн жеңилдетпегенде, Абдыров 2027-жылы гана абактан бошотулмак.

Абдыровдун мөөнөтүнөн мурда чыгышына себепкер 3 судьянын үстүнөн кылмыш козголуп, тергөө жүрүп жатат.