Кумарбек Абдыровдун жаза мөөнөтүн кыскартып берген Бишкек шаардык сотунун үч судьясы — Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева камакка алынды.
Тергөөдө судьялар Абдыровдун апасынан пара алып, айыпталуучунун беренесин «адам өлтүрүүгө аракет» эмес, «каракчылык» деп алмаштырып, жаза мөөнөтүнүн кыскарышына себеп болушкандыгы аныкталды.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту 2016-жылдын 11-февралында Абдыровду «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок ошол эле жылдын 12-майында 3 судья жаза мөөнөтүн кыскарткан. Натыйжада Абдыров үч жылдан кийин эркиндикке чыккан.
Тергөө Абдыров жалпы алты кызга кол салганын, алардын төртөөнү өлтүргөнүн билдирет. Ал 2015-жылы дагы бир кызды өлтүрүүгө аракет кылып, каналга таштаган. Жабырлануучу тирүү калып, милицияга кайрылгандан кийин Абдыров кармалган.
Мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан Абдыров кийин 17 жаштагы Айсулууну зордуктап өлтүргөнү үчүн айыпталууда.

