"Эркин-Тоо"

Кумарканаларга каршы чыккандар президенттен мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты

Бүгүн, 23-июнь күнү Бишкек шаарында жайгашкан Максим Горький сейил багында Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына уруксат берген мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясы болуп өттү.

Акцияда жарандык активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, бул аталган мыйзамга каршы алгачкы аракет. Алар региондордо атайын штабдарды ачып, чечим жокко чыгарылмайынча акцияларды уланта берерин билдиришти.

Ошондой эле Конституциялык сотко арыз менен кайрыларын кошумчалашты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!