"Эркин-Тоо"

КУМДУУ ЧӨЛДҮН ОРТОСУНДАГЫ ЖАШЫЛ МЕЙКИНДИКТЕ

China news service (Кытай жаңылыктар кызматынын) Синьцзяндагы филиалынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун борбору Үрүмчү шаарында өттү.

Мааракеге арналган конференцияда жалпыга маалымдоо каражаттарынын дүйнөдөгү ыкчам, объективдүү маалыматтарды жеткирүүдөгү, өлкөлөр ортосундагы ынтымакты ширетип, достук, маданий байланыштарды чыңдоодо жана өнүктүрүүдө ролу эбегейсиз экендиги жана тажрыйба, маалымат алмашуу, мүмкүнчүлүктөр, келечек, медиа өнөктөштүк тууралуу кеп болуп, баяндамалар жасалды. Кытай лидери Си Цзиньпиндин 10 жыл мурда ишке кирген “Бир алкак, бир жол” демилгеси дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык соода, инвестиция үчүн жаңы платформаны түзө алгандыгы, Улуу Жибек Жолун кайра жандандырууда Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытай мамлекетинин ортосундагы тыгыз кызматташтык, ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор гүлдөп өнүгүүгө, туруктуулукка багыт алары жөнүндө кеңири сөз болду.

Конференцияга Борбордук Азиядан барган жана Синьцзяндагы ММК каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан Республикаларынан КазТАГ, DKNews,”Podrobno. uz”, “UzDaily.uz”, “Ренессанс TV”, ж.б.у.с. ЖМК жана медиа чөйрөсүндөгү өкмөттүк эмес сектордун, Кыргызстандан КР Жогорку Кеңешинин депутаты Карим Ханжеза, «Кабар» маалымат агенттигинен, «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо» газеталарынан, «Борбордук Азиянын медиа фонду” коомдук фондунан, «Вечерний Бишкек», “Жибек Жолу” гезитинин сайтынан жетекчилик курамдын өкүлдөрү катышты.

ЖАР ҮСТҮНДӨГҮ УРАНДЫ ШААР
Барган күндүн эртеси Борбордук Азиядан келген журналисттер тобу менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Турпан шаарынан 10 км батышта жайгашкан Ярназ өрөөнүндөгү Хзяохэ деген 2300 жылдык тарыхы бар байыркы шаарга бардык. Бул эки терең дарыя өрөөнүнүн ортосундагы жалбырак сымал платодогу тик жардын үстүндө орнотулган табигый чеп. Ал убагында соода-сатык иштеринде Батышка алып баруучу Улуу Жибек Жолунун боюнда чоң ролду ойногон. Салыштырып айтканда, маанилүүлүгү боюнча азыркы Казакстандагы Хоргос шаарындай болгон деп айтсак жарашат. Хан доорунда салынган табигый дубалдары бар шаар XIII кылымда Чыңгызхандын монгол баскынчылыгы тарабынан тыптыйпыл болуп талкаланыптыр.

Бир убактагы соода кербендери өткөн бака-шака түшкөн жандуу шаар бүгүнкү күндө мурдагы жашоосу жок, тыптынч, куттуу, баяндуу жайга айланган. Анын тарыхы, басып өткөн жолу азыр туристтер үчүн абдан кызык. Күнүнө бул жерге 3 миңдей турист кирип чыгат. Кире беришинде шаардын картасын, анын мурда кандай болгонун көрүүгө болот. Азыр көргөнү келген адамдар үчүн баарын ыңгайлуу кылып жасап коюшкан. Басылган таман таштар менен жогору көздөй оңой эле чыгууга болот. Шаардын жалпы масштабын көрүү үчүн атайын жабдылган байкоочу аянтчасына чейин чыктык. Күн абдан ысык. Таң калыштуусу, көптөгөн имараттар менен кошо будда храмдарынын имараттары эң жакшы сакталган. Бул жердин топурагынан сапал табактар, идиш аяктар жасалат.

ТУРПАН КЕРЕМЕТТЕРИ
Турпан Кытайдын эң ысык шаары. Чөлдүн ортосундагы жашыл оазис. Дүйнөдөгү эң кургак жерлердин бири болгон Турпан шаарын жергиликтүүлөр «От өлкөсү» деп аташат. Жайында абанын басымы +50 Сге чейин жетерин айтышты. Ал Улуу Жибек Жолундагы маанилүү соода жана маданий борбор гана болбостон, байыркы кербен жолунун түндүк тармагындагы стратегиялык пост болгон. Шаар ар тараптан чөлдөр жана тоолор, кыйраган орто кылымдагы шаарлар жана байыркы конуштардын калдыктары менен курчалган. Синьцзян өзүнүн уникалдуу 2000 жылдык тарыхы бар жер астындагы ирригациялык системасы (карез) менен белгилүү. Карез Улуу Кытай дубалы, Пекин-Ханчжоу чоң каналы менен бирге «Байыркы Кытайдын үч кооз жери» деп аталат. Турпан шаары ошондой эле жүзүм галереясы менен да белгилүү. Кумдуу чөлдүн ортосундагы миңдеген гектар жашыл мейкиндиктер көз жоосун алат. Турпанда кургак климатка карабастан, мөмө-жемиштердин ар кандай түрлөрү өстүрүлөт: курма, анар, шабдалы, коон, ошондой эле буудай жана пахта, эң кеңири таралган мөмө-жемиши – жүзүм. Кооз жүзүмзарларда жүзүмдүн жүздөгөн ар кандай сорттору абдан көп өлчөмдө өстүрүлүп, миллиарддаган кытай элин камсыз кылып, калганы дүйнө жүзүнө экспорттолот. Кытайдын таттуу жүзүмүнүн түрлөрүнөн биз да ооз тийип калдык. Жүзүм жергиликтүү элдин эмгеги, мээнети жана киреше булагы.

Шаардын базарларында жергиликтүү тургундардын сүймөнчүлүгү катары эсептелген жүзүмдүн түрдүү сортторунун кургатылган жемиши сатылат. Турпанды Кытайдын “жүзүм борбору” деп атаганы да бекеринен эмес тура.

ЖЕР АСТЫНАН КЕЛГЕН ТОО СУУЛАРЫ
Карездер азыр негизинен Турпан жана Хами шаарларында бар. Алар төрт бөлүктөн турат, негизги бөлүгү жер астында.

Учурда Синьцзяндагы алты жүздөн ашык карездин төрт жүздөйү Турпанда жайгашкан. Кээ бир айылдарда карездер бүгүнкү күндө да сугаруу иштеринде, экологиялык жактан нукура булак суусу болгондуктан, ичүүчү суу катары да колдонулат. Акылман синьцзяндыктар убагында эңкейиштерди пайдаланып, жердин асты менен келүүчү суу системасын жаратышкан. Карездердеги суу ысыктан же катуу шамалдан бууланбайт, ошондуктан андагы суунун агымы туруктуу болуп, жергиликтүү талааларды тынымсыз сугарып турат. Аларды эмнеге жасашкан деген суроо туулушу мүмкүн. Ошол кездерде табигый шарттарда жаан-чачын болбой, кургакчылык болуп, жер үстүндөгү суулар абдан аз болгондуктан, муктаждыктан улам адамдар жер астындагы сууларды пайдаланууга көңүл буруп баштаган. Зарылчылыктан улам аларды пайдаланууга өтүшүп, айыл чарба өндүрүшүнүн талаптарын канааттандыруу үчүн сугат аянттарын кеңейтишкен.

Байыркы заманда экономикалык жана техникалык жактан чектелген шарттарда карездерди жасоо суу чыгаруунун идеалдуу жолу болгон. Ал турпандыктар үчүн жашоо булагына айланган.

Турпандагы биз көргөн карездер негизинен Хин династиясынын тушунда пайда болгон. Алар азыркыга чейин сугат үчүн пайдаланылат. Келген туристтер байыркы замандардан бери колдонулуп келе жаткан жер астындагы тынымсыз аккан тоо сууларынан көзүн албай, алардын тарых таржымалын угууга кызыгышты.

1992-жылы Турпан шаарында Карез паркы түзүлгөн. Ал СиньцзянКарез институту тарабынан карез жөнүндөгү маалыматтарды изилдөө жана жайылтуу максатында түзүлгөн. Азыр Карез паркы жыл сайын миңдеген туристтерди кабыл алган эң популярдуу жана атактуу туристтик жайлардын бири. Жогоруда айткандай, Турпан оазисинин сугат системасы, Улуу Кытай дубалы, Чоң канал сыяктуу кытай инженериясынын кереметтери менен бир катарда турат.

Шаардын тургундары ынтымактуу жана меймандос келишет экен. Турпан өзүнүн климаттык өзгөчөлүгүнө карабастан, Синьцзяндагы калк жыш жайгашкан шаарлардын бири. Калкынын көбү (70%) мусулман уйгурлар. Шаарда көптөгөн үй-бүлөлөр жүзүм бизнеси менен алектенишет. Алардын күнүмдүк жашоосу Синьцзяндын башка шаарларынан айырмаланат.

(Уландысы бар)

 

Бактыгул КУЛАТАЕВА

Бишкек-Үрүмчү-Бишкек

№72 «Эркин-Тоо» гезити

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!