Тергөө тарабынан «Центерранын», «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын жетекчилик кызматтагы адамдары сыртынан жоопко тартылып, издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, УКМК «Кумтөр» кени боюнча коррупциялык фактыларга карата козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Тергөөдө канадалык «Центерранын» топ менеджменти жана «Кумтөр» кенинин чет элдик оператору 2013-жылдын декабрь айында 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине которуп бергени далилденген.
Аталган факт боюнча «Центерранын» мурдагы президенти Ян Аткинсонго, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазановго жана Майкл Фишерге, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын финансы боюнча вице-президенти Джон Сютерлерге издөө жарыяланды.