Кумтөрдөгү алтындын запасы кенди дагы 20-30 жыл кенен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди. «Запас көбөйүүдө. Дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок кени да бар. Ушу тапта Кумтөрдү фондулук рынокко чыгаруу боюнча иштеп жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.