"Эркин-Тоо"
Экономика

«Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, өлкөдө өндүрүштүн көлөмү кыйла өстү

Улуттук статистикалык комитети 2021-жылдын январь-апрель айларындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча пресс-конференция өткөрдү.

Улутстаткомдун берген расмий маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү 166,1 миллиард сомду түзүп, 2020-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3,8 пайызга азайган. 2021-жылдын 4 ай аралыгында «Кумтор» кен казуу боюнча ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү148 миллиарддан ашык  сомду түзүп, 1,1 пайызга көбөйгөн.

2021-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 98 миллиарддан ашык сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу химиялык продуктулардын (33,0 пайызга), негизги металлдардын жана машина жана жабдуулардан башка, даяр металл буюмдар (31,5 пайызга), фармацевтикалык продукция (30,5 пайызга), ошондой эле пайдалуу кен казуу өндүрүшүнүн (9,8 пайызга) кыскаруусунун эсебинен 12,0 пайызга азайган. 

Ушул мезгилдин аралыгында, баалар: кумшекерге — 22,1 пайызга, картошкага — 21,4 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларга — 15,0 пайызга, тооктун жумурткасына — 14,4 пайызга, жаңы жашылчаларга — 12,6 пайызга, жаңы жемиштерге — 5,0 пайызга, жаңы этке — 4,1 пайызга, бышырылган азыктар — 2,9 пайызга, нанга — 2,6 пайызга өстү.

Курулушта терс тенденциялар байкалган, анда көлөмдөрдүн төмөндөшү 17 пайызды түзгөн. Ал эми айыл чарбанын көлөмү 1 пайызга , дүң жана чекене сооданын көлөмү 2,8 пайызга өскөн.

Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу, үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө баалардын жана тарифтердин республиканын бардык аймактарында жогорулоосу байкалган. Ошол эле учурда, баалардын максималдуу өсүшү (6,1 пайызга) Нарын облусунда катталып, бул башка региондорго салыштырмалуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (7,2 пайызга) көбүрөөк жогорулашы менен шартталган.

2021-жылдын январь-мартында, Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,4 млрд АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,9 пайызга төмөндөгөн. Муну менен бирге, экспорттук жөнөтүүлөр 8,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 1,5 пайызга төмөндөп кеткен.

2021-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 674 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр 10,2 пайызга көбөйүп, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 9,4 пайызга азайган.

2021-жылдын январь-мартында республиканын ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,6 пайыз) жана Казакстанга (29,5 пайыз) туура келген.