"Эркин-Тоо"

Кумтөрдө тышкы башкаруучуну дайындоо тартиби бекитилди

КР Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, 17-майда “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдын 651-беренесине ылайык, “Убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоонун Тартибин бекитүү жөнүндө” №7 токтомго кол койду. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Убактылуу тышкы башкаруучунун милдети – юридикалык жактын өндүрүштүк, экономикалык жана башка ишмердиктеринин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо болуп саналат. Тышкы башкаруучу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен дайындалат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!