"Эркин-Тоо"

Кумтөрдөн акча түшпөй калса, донорлорго кайрылабызбы?

Эгер кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрылат. Бул тууралуу парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, быйыл «Кумтөр Голд» компаниясынан 10 миллиард сомго жакын акча түшүүсү пландалган:

«Эгерде биз утулуп кала турган вариант орун алса, бюджетке жетпей калган 10 миллиардга жакын акчаны биз башка иш-чаралардын негизинде толукташыбыз керек болот. Биринчи кезекте донорлор менен иштөө. Экинчи вариант — мурунку карыздарды пролонгациялоо жолу. Үчүнчү жолу – чыгымдарды оптималдаштыруу».

Кармышаков берген маалыматка ылайык, 1993-жылдан бери Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 80,5 млрд сомдой акча түшкөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!