"Эркин-Тоо"

“Кумтөр” ишканасы жаш таланттарды колдоду

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен 25-июлдан 28-июлга чейин Каракол шаарында “Каракол – улуттардын шериктештигинин маданий борбору” программасынын алкагында “KGtai – Start for Talents 2022” III Эл аралык жаш таланттардын сынагы болуп өттү. Фестивалга Кыргызстандан, Орусиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан 7 жаштан 16 жашка чейинки жүздөгөн балдар келип катышты.

Аталган иш-чарага катышкан С.Орозов атындагы Түп балдар музыкалык мектебинин 20 окуучусуна жана 15 мугалимине сахнага кийип чыкканга улуттук кийим сатып алуу үчүн “Кумтөр” компаниясы тарабынан каражат бөлүндү. Жаш таланттар вокалдык-аспаптык жанр номинацияларын аткарып, эки айлампадан ийгиликтүү өтүп, финалга чыгышты. Н.Сапарбекова “Вокал” багыты боюнча 1-даражадагы дипломго, А.Салаватова “Инструментал” боюнча 2-даражадагы дипломго ээ болушту. Ошондой эле, Түп музыкалык мектебинин таланттары Москва шаарына (Россия) дүйнөдөгү улуттук кийимдер сынагына жана Ташкент шаарына (Өзбекстан) “Чыгыш розасы” балдар жана жаштар чыгармачылыгы фестивалына катышууга чакыруу алышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!