Президент Садыр Жапаровдун командасы “Кумтөр” алтын кенин коррупционерлердин чеңгелинен сууруп алып, мындан ары кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштетүүнү максат кылып, чет элдик компанияларда иштеп тажрыйба топтогон, тоо кен тармагы боюнча эл аралык масштабдагы дасыккан адис катары Теңгиз Бөлтүрүк мырзага зор ишеним артып, алгач “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомуна (“КГК” ЖАК) убактылуу тышкы башкаруучу, андан кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинг компаниясына президент кылып дайындаган болчу. Таланып-тонолгон “Кумтөр” алтын кенинин ызычуусунан коомчулуктун деле санаасы тынып калгандай болгон. Анан эми жакында эле Эсеп палатанын аудиторлорунун “Кумтор Голд Компани” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурдагы ишмердүүлүгүн текшерген отчетун окуп отуруп, кенди башкарууда Теңгиз Бөлтүрүккө эмес, “Карышкырга кой кайтартып” койгонбузбу деген шектенүү жаралды. Канткен менен Теңгиз мырза илимдүүбилимдүү адис эмеспи, сотто өзүнүн чындыгын айтар. Арийне, Эсеп палатасынын маалыматы деле төгүн жерден алынбаса керек.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы №7 токтому менен бекитилген Убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоо тартибине ылайык Убактылуу тышкы башкаруучу ишкананын өндүрүштүк, чарбалык жана башка ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошону менен бирге Теңгиз мырзага компаниянын кызыкчылыгы үчүн гана иш алып барып, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербей, коомдун активдерин натыйжалуу башкаруу милдети жүктөлгөн экен. Отчеттун мазмунуна саресеп салсак, тышкы башкаруучуга жүктөлгөн милдеттер так аткарылбаганы байкалат. Айрым бир фактыларына токтололу.
“КГК” акционердик коому “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги уюшулган күндөн каржылоо ишин колго алган экен. Убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде «КГК» ЖАКсы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин чыгашаларын 1908,8 миң АКШ доллары суммасында каржылаптыр. Улуттук холдинг «КГК» ЖАКнын каражаттарынын эсебинен 32 долбоорду ишке ашырмак экен. Анын ичинде, “Аврора” санаториясын, Каракол шаарындагы аэропортту, «Каприз» мейманканасын оңдоо, заманбап 5 жылдыздуу мейманкана куруу жана башка өндүрүш долбоорлору каралыптыр. Жалпы жонунан ушул долбоорлорду ишке ашырууга «КГК» ЖАКсы тарабынан 1908,8 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат сарпталган. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү жумушчулардын, ошондой эле келишимдик негизде иштеген жумушчулардын эмгек акысына төлөнгөн сумма 1731,7 миң АКШ долларын түзүптүр. Албетте, долбоорду каржылоо чечимин убактылуу тышкы менеджер Т.Бөлтүрүк кабыл алган. Аталган долбоорлор негизинен ишке ашпай калган. Мындай максатына жетпей калган ыксыз чыгымдар «КГК» АКнын жана жалгыз акционер – «Кыргызалтын» ААКнын финансылык ишмердигине терс таасирин тийгизгенин баса белгилешет отчетто.
Ошондой эле убактылуу тышкы башкаруучу Т.Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» АК долбоорлору алкагында каралган 15 иш-чараны аткаруу үчүн 2022-жылдын 24-январындагы № С-8109 «Amismo AG» чет өлкөлүк компаниясы менен ай сайын 12,0 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү айлык төлөө үчүн “КГК” ЖАКсынын атынан келишим түзгөн. Аталган келишим натыйжасыз экенин белгилеген Эсеп палатасынын адистери, келишимди түзгөн тиешелүү адамдарга чара көрүү сунушун билдирген. Бул фактылар убактылуу тышкы башкаруучунун компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштегенин, коомдун активдерин натыйжалуу тескегенин тастыктабайт.
Эми өндүрүшкө келели. Убактылуу тышкы башкаруучу алтынды жер алдынан казып алуу үчүн 2021-жылдын 23-августунда долбоордун менеджери катары И.Конищев менен жыйналыштын протоколдору, башкаруучунун буйруктары жок эле эмгек келишимин түзөт. Ал келишим эч жерде документтештирилген эмес. Андан калса, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, чыгаша-пайдалык анализи дагы жок болгон. Айтор бул келишимдин чыгымы “КГК” АКсы үчүн 1357,9 миң АКШ долларын түзүптүр. Муну акционердик коомдун кызыкчылыгына дал келет деп айтууга болбойт.
Дагы бир факты, «КГК» ЖАКсынын жүргүнчүлөрдү ташуу бөлүмү жана транспорт жана виза маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери бар экенине карабастан, ЖЧК «Travel Vision» менен 04.06.2021-ж. № С-7416 келишимин аудиторлор негиздүү эсептөөсүз түзгөн деген тыянакка келишкен. Бул фирма авиа билеттерди сатып алуу жана мейманканадан орун таап берүүчү ортомчу ишкана окшойт. Иши кылып бир жылдын ичинде «Travel Vision» ишканасына кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 5 353,4 миң сом төлөп беришиптир. Анын ичинде «КГК» ЖАКсы менен «Камминс» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимге жана башка толгон-токой документтерге акционердик коомдун атынан Финансы департаментинин директору Рысбек Токтогул кол койгонун билдиришет. Рысбек Токтогул деген Лен Хоменюктун учурундагы “Кумтөр” ишканасынын финансы жана отчеттуулук боюнча менеджери болуп жүргөн адис болсо, анда “Кумтөрдө” дагы деле канадалыктардын карааны кете элек го деген күдүк ой пайда болду менде.
Отчетту карап отурсаң Теңгиз мырзанын “кол ачыктык” жагы байкалат. КРнын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Д.А.Кутмановага “КГК” ЖАКсына тиешелүү “Тойота» – LC 200 үлгүсүндөгү 2014-жылы чыккан 60 миң доллардан ашык суммага бааланган автоунааны убактылуу бекер пайдаланууга берип жибериптир. Муну бийликке жагынуу, же өзүм билемдик деп түшүнсөк болот. “Кумтор Голд Компани” ЖАКсында иштеп жаткан транспорт каражаттарынын саны дагы так эмес. “Регистр ТС” автоматташтырылган системасынын маалыматтык базасында “КГК” ЖАКсына 299 бирдик транспорт каражаты катталса, башка маалыматта 647 бирдик катталып жүргөнүн аныкташкан аудиторлор. Мунун ичинен канчасы жеке менчик компанияларга, же кыргыздын көпөстөрүнө таандык экенин иликтеп коюшса дурус болмок.
Сөздүн кыскасы убактылуу башкаруучунун командировкалык, ижара акысы, эмеректерге жана башка сатып алууларга байланышкан негизсиз чыгымдар тууралуу жарыяланган отчетунда Эсеп палатасынын аудиторлору бир топ мыйзам бузууларды таап чыгышкан. Т.Бөлтүрүктүн убактылуу тышкы башкаруу учурундагы ишмердүүлүгү “жемиштүү” болгон эмес окшойт деген бүтүмгө келесиң. Жылдын башында Теңгиз мырзанын, «Эгерде биз «Кумтөрдү» өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну азыртан баштабасак, анда 2025-жылы калдыктарды сактоочу жайларды толтурууга байланыштуу токтоп калууга аргасыз болот. Ал эми жети жылдан кийин чындап тастыкталган алтын запастары түгөнөт» деген билдирүүсү дагы канчалык жөндүү, мезгил көрсөтөр. Же болбосо бул билдирүүсү “менсиз ишиңер чатак” деген ишааратыбы…
Мындай шартта чындап эле “Кумтөр” алтын кени Т.Бөлтүрүксүз кандай иштеп жатты экен деген суроо жаралбай койбойт. Кечээ Президент Садыр Жапаров өткөргөн жумушчу кеңешмедеги «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгү жана жакынкы келечектеги пландары тууралуу отчету, жогорудагы Эсеп палатасынын отчетуна караганда оптимисттик маанайды тартуулайт.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Президенти Алмаз Барыктабасовдун билдиргенине караганда, өткөн жыл ичинде 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, салык жана милдеттүү төлөмдөрдүн суммасы 32,1 млрд сомду түзүптүр.
Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен 2026-жылдан баштап калдык сактоочу жайды иштетүү башталарын айтып, жылына 4,7 тоннага жакын алтын алуу пландаштырылып жатканын билдирди. 2040-жылга чейин калдыктарды кайра иштетүүнү аяктап, калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы болжол менен 3,5 миллиард АКШ долларына бааланарын маалымдады.
Алмаз Барыктабасов ошондой эле дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берип, анын максаты “Кумтөр” кениндеги кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү каралып жатканын билдирди. Ошону менен бирге ал бул ишкананын гана эмес, башка тоо кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу айтып берди.
Демек, иш жүрүп жатыптыр. “Кумтөрдүн” бүгүнкү күндөгү алтын запасын сарамжалдуу пайдалана билсек, биздин өлкөбүздү дагы кыйла жыл бакчудай. Азыр эми Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочулары убактылуу башкаруучунун ишмердүүлүгү баары мыйзамдын чегинде ишке ашырылгандыгын маалымдап келишет. Бирок, ар бир келишим, жасалган иш Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы №7 токтому менен бекитилген талаптарга жооп бербей жатканын моюнга алуу кажет. Жеке менчик компанияларда кымбат баалуу эмеректерди алуу, өз алдынча кошумча жумушчу күчтөрүн жалдоо, соода-сатык кылуу мыйзам ченемдүү көрүнүштүр. Канткен менен мамлекет ээлик кылган ири компанияда мамлекеттик мыйзамдарга баш ийүүгө ар бир жетекчи милдеттүү да.
Шекербек КАЛЫКОВ
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы