“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2021-жылдын май айынан бери 3 млрд 445 млн доллар киреше тапты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн алтынды жер астынан казуу долбоорунун башталыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, ушул мезгил ичинде Кыргызстандын бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 891,6 млн доллар түшкөн.
“54 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде Кыргызстан болгону 100 млн доллар дивиденд алса, акыркы үч жылда эле 441 млн доллар дивиденд алдык”, — деди мамлекет башчысы.

