"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоору ишке кирди

«Кыргызалтын» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун расмий түрдө ишке киргизди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Абдраимовдун айтымында, долбоор — өлкө тарыхында алгачкы ирет ишке ашырылып жаткан, татаал жана технологиялык жактан оор процесс.

“Долбоорду иштеп чыгууда бул тармактагы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Калдыктарды кайра иштетүү комплексинин курулушу бул долбоордун эң маанилүү компоненти болмокчу. Муну ишке ашырууда өтө кылдат мамиле кылууну, коопсуздукту жана аймактагы экологиялык тең салмактуулукту так сактоо зарыл”, – деди «Кыргызалтындын» жетекчиси.