Кыргызстан энергетикалык келечекке чечкиндүү кадам таштады. Анткени, өлкөдө алгачкы жолу шамал генератору орнотулуп, жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы доору башталды. Бул долбоор келечекте өлкөнүн бардык аймактарына жайылганы турат. Биз саамалыкты утурлай, долбоордун автору, Жашыл электростанциялар ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашевага кайрылып, шамал генераторлорунун орнотулушу тууралуу сөз кылдык.
— Кундус айым, мындан бир топ жылдар мурда сиз шамал станцияларынын тетиктерин Португалиядан алдырганыңызды айтып бердиңиз эле. Жакында орнотулган генератор ошол тетиктерден куралдыбы?
— Ооба, биз Кыргызстанга шамал станцияларын куруу идеясынын үстүндө иштеп баштаганыбызда немец өндүрүшүндөгү тетиктерди Португалиядан алдырып, аны орнотуу иштери ушул күнгө туш болду. Кыргызстанга узундугу 24,5 метр болгон шамал генераторунун тетиктерин узак жол басып, Португалия, Испания, Франция, Германия, Польша, Беларусь, Россия, Казакстан өлкөлөрү аркылуу алып келгенбиз.
— Демек, идея узак убакыттарда ишке ашыптыр да?
— Ошентсе да биз генераторду орнотуп, максатыбызга жеткенибизге кубанып турабыз. Долбоорубуз 100 мегаваттык долбоор. Азыр 1 мегаваттык генератор орнотулду. Жакында ишке беребиз деп турабыз. Өлкөдө электр энергиясына муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Бизде энергиянын 90 пайыздан ашыгын суудан алгандыктан башка булактарды дагы кароо зарылчылыгы пайда болууда. Ошондуктан, соңку жылдарда кайра жаралуучу булактар жаатында жакшы аракеттер көрүлүүдө. Биздин идея дал ушул тармакка байланган. Андыктан, шамал генераторунун орнотулушу жөн гана генерация эмес, бул улуттун кыялы, көп жылдык эмгектин жемиши, жашыл келечекке жол ачкан символ. Мындан кийин биздин тоолорду аралап өткөн шамал эми электр энергиясына айланып, өлкөбүздү жарыктандыра баштайт деп кубанып турабыз.
Бул — Кыргызстандын жаңы доору, жашыл энергетиканын жаңы барагы, шамалдын күчүнөн жаралган келечек.
— Менимче, кыялыңыздын ишке ашышы оңойго турган жок окшойт?
— Чынын айтсам оңой болгон жок. Долбоорду 2017-жылы эле баштаганбыз. Айрыкча жер маселесинде көп кыйналдык. 2021-жылдан тарта гана жылыштар болуп, Президентибиз Садыр Жапаровдун жашыл энергетиканы колдоосунун натыйжасында иштер алга жыла баштады. Жер боюнча маселелер чыкканда ошол тармакта иштеген аткаминерлерден жардамдын деле кереги жок болду. Болгону маселени түшүнбөгөн соң, тоскоол болбошун суранып жүрдүк. Шамалдан энергия алуу идеясын биринчилерден болуп көтөрүп чыккандыктан, логистикадан да аябай азап тарттык. Эми баары жолго коюла баштады. Жакында генераторлорду коюуну улантабыз. Мен абасы таза, энергетикасы таза өлкөдө жашагым келет. Келечек муундарыбызга да ушундай өлкө калтырып кетсек деген тилегим бар.
— Шамал генераторлорун буга чейин чет өлкөлөрдөн гана кезиктирип келдик да. Мисалы, Казакстанда шамалдан энергия алуу өнүккөн.
— Жашыл энергетика боюнча идеяларды бийлик колдоп турса гана ишке ашат. Башта айтып өткөндөй, азыр колдоо болуп жылыш бар. Казакстанда бийлик бул маселеге олуттуу карап, шамалдан энергия алууну дароо колдоого алган. Менин жашыл суутекке байланыштуу да көп пландарым бар. Аларды ишке ашырууга да мезгил келип жетер деп турам. Кыскасы, жашыл энергетика Кыргызстанга да канатын жая баштады.
— Айымдар үчүн энергетика тармагы оор тармактай сезилет. Эмне үчүн энергетиканы тандан алгансыз?
— Кыргыз айымдары азыр бардык тармакта. Энергетика мен үчүн оор эмес. Тескерисинче, кызыктуу.
Жазгүл Кенжетаева