"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Кундузбек Сулайманов: “СЫЙМЫКТЫН КОНЦЕРТИНДЕ КОКУСУНАН ЫРДАП КАЛДЫМ…”

Өткөн апталардын биринде белгилүү саясий ишмер, кадимки Кундузбек Сулаймановдун сахнанын төрүндө аккордеондо кол ойнотуп, мукам үнү менен обон созгону интернет айдыңында жаңырып, көпчүлүк тарабынан жылуу колдоого алынууда. Кыска аралыкта он миңдеген көрүүчүлөрдүн арасында популярдуулукка ээ болгон ыры жана эл алдында кантип “эргип кеткени” тууралуу мурдагы эл өкүлүнө азын-оолак собол салдым.

— Кундуз мырза, ушу тапта интернет айдыңында сиздин аккордеондо кол ойнотуу менен кубулжута обон созгонуңуз кызуу талкуулар менен коштолууда. Токтогулдук туугандардын “итинен битине чейин” обон созоорун билебиз. Бирок, сиздин мынчалык деңгээлдеги өнөр ээси экениңизди көпчүлүк биле бербесе керек. Сиздин сахнанын төрүнө чыгып, мынчалык “эргип ийгениңизге” эмне түрткү болду? Же аламан жарышты утурлай жердештериңиздин алдында өзүңүздү пиар кылуунун бир амалы болдубу?

— Кайдагы пиар? Кайдагы шайлоо? Ар жылы 9-сентябрь күнү Токтогулдук тоо булбулу Сыймык Бейшекеев туулган күнүнүн урматына жеке концертин берерин бүтүндөй журтубуз билбесе да, Токтогулдук жердештери жакшы билебиз. Быйылкы жылы өтүүчү концертине мага чакыруу жөнөткөн экен, чакырган жерден калбай жеңеңер менен майрамдык салтанатка барып калдым. Биз концертке барып, жайланышкан соң дал ошол убакта иш боюнча бирөөлөр менен жолугуш керек болуп калды. Жеңеңерди концерттин аягына дейре отуруп, эс ала берүүсүн, өзүм болсо сахна артынан Сыймыкка жолугуп, кете берүүгө камындым. Ошентип сахна артына Сыймык иниме барып, жагдайды түшүндүрсөм “Кундуз байке, 4 ырдан соң сизге сөз берет элем” деп күтө турушумду суранганынан күтүп калдым. Ошентип Сыймыктын суранычын таштап кете албай, күтүп калгыча атасына арналган төртүнчү ыры жаңырып калбаспы. Ата темасы менин да жүрөгүмдү жаралап, жан дүйнөмдү өйүгөн маселе. Анткени, 1975-жылдын 1-январь күнү мен 2-класс кезимде атам өтүп кеткен. Мен атанын жытына, мээримине тойбой өскөм. Сыймыктын концертинде дал ошол атасына арнаган ыры менин жан дүйнөмдү, жүрөгүмдү кайрадан козгоп туруп алды. Ошону менен сахнадан сөз алып, элге-журтка, туулган күн ээсине куттук кептерди арнап, кетүүгө кам уруп калсам Сыймык өзү “Кундуз байке, бир ырдап бериңизчи?” – деп калды.

— Сиздин ырга болгон шыгыңызды Сыймык иниңиз мурда эле билчү беле?

— Ооба, Сыймык экөөбүз мурда-кийин той-топурларда ырдай койчубуз. Башта айтканымдай, аныгында мен Сыймыктын концертине атайын ырдоо үчүн барган эмесмин. Эски күндөрдү эстеп, ырдашымды сурануу менен алдыма аккордеондон өйдө алдырып жаткан соң, калың элдин алдында ырдабаганга да болбойт эле. Ошентип Асанкалый Керимбаевдин “Көл баяны” деген биздин Кетмен-Төбөгө арнаган ырынын жаралуу тарыхын, мазмунун, кимге арналганынан өйдө алгач түшүндүрмө берип, залдагы элге алымдын жетишинче ырдап бердим. Мен үчүн эскирбеген, “карыбаган” бул ырды дайыма ырдап жүргөнүмө 35 жылга аяк басты. Болгону эле ошол. Ооба, бул ырды аткарган соң интернетте кызуу талкуулар менен коштолуп жатканын мага да балдар айтып жатышат. Бардыгына эл калыс болсун!

Калыгул Бейшекеев