Бишкекте курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар жашырылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, жашыруун жай Тоха каймана аты менен белгилүү, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон адамга таандык болгон. Ал ИИМдин атайын каттоосунда турган жана 2015-жылы Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде атайын операция учурунда жок кылынган.
Текшерүү маалында төмөнкү буюмдар табылды:
▪️ 3 жардыруучу зат
▪️ октолбогон Макаров тапанчасы
▪️ 5 кол граната
▪️ 500дөн ашуун ок-дары
▪️ Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк
▪️ Көлбаев жана анын жансакчысы менен түшкөн сүрөт