"Эркин-Тоо"

Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган жарандар аныкталды

Базар-Коргон районунун тургуну курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга аталган райондун аймагында курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кызыл-Үнкүр айылынын тургуну 1980-жылы туулган С.Б. жана Арстанбап айылынын тургуну 1977-жылы туулган М.Ф. аныкталган. Кийин алардын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда С.Б. аттуу жарандын үйүнөн жана автоунаасынан ок атуучу куралдар жана жалпы 304 даана ар кайсы калибрдеги ок дарылар табылып алынган.

Ал эми М.Ф. аттуу шектүүнүн турак-жайынан  ок атуучу курал жана 18 даана ар кандай калибрдеги ок дарылар табылып алынып, далил-буюмдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз түрлөрүн аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!