Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Пакистандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы жана келечектеги эл аралык аскердик кызматташуу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланышты кеңейтүү жана бекемдөөгө арналган биргелешкен иш-аракеттердин мааниси белгиленип, тараптар аскердик багыттагы кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Ведомство тараткан билдирүүгө ылайык Баткен облусунун Лейлек районуна аскер лицейин ачуу пландалууда. Жакында тегерек стол өтүп, тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, ушул маселе каралганы, учурда аскер лицейин ачуу боюнча иш план түзүлүп, сунуштар даярдалып жатканы маалым болду. Баса, мындан ары альтернативдик кызматты 70 миң сом төлөп өтөө боюнча бир катар демилгелер иш жүзүнө ашаары маалым болууда. Дал ушуга окшогон жаңылыктар менен жакында генерал Бактыбек Бекболотовдун өзүнө микрофон сунмакчыбыз.