Эсиңерде болсо, биздин гезит үч ай мурун өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүндөгү көйгөйлөрдү, аскердеги алешемдиктерди ташка тамга баскандай тизмектеп, бул жааттагы оош-кыйыш жагдайларды коомчулуктун алдына сандардын тилине салуу менен фактылардын негизинде ачыктап берген элек.
Тилекке каршы, андан бери аскердеги зордук, зомбулук көрүнүштөрү көбөйгөндүн гана ичинде болбосо, азайганы байкалбайт. Эмесе, биз Куралдуу күчтөрүбүздүн ичиндеги “кыйсыпыр түшкөн ички абалга” кайрадан кайрылдык.
Акыйкатчынын аскердеги абалга тынчсыздануусуна негиз барбы?
Өлкөбүздүн Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева өткөн аптада мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоого чакырды. Анын айтымында ушул күндөрү аскерге чакырылган катардагы жоокерлердин жана офицерлердин укуктарын коргоо маселеси курч бойдон калууда. Алардын укуктарын камсыздоо жана ден соолугун сактоо үчүн тез арада чара көрүү талап кылынат. Укук коргоочулар коргоо министрлигинин аскердик госпиталына мониторинг жүргүзүшкөн. Аскердик эмканага 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин жалпы 607 киши кайрылган. Алардын 139у — катардагы жоокерлер (21%).
Ийне жутуп, кабыргасы сынып…
Укук коргоочулардын аскерлерибизге жүргүзгөн иликтөөсүндө “15 аскер кызматкеринин кабыргасы сынып, буту-колунан ар кандай оор жаракат алганы такталган. Эки жоокер ийне жутуп, ушу тапта ооруканада жатат. Куралдуу күчтөрүбүздөгү мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн Аскердик прокуратура кээ бир жоокерлер өздөрүнүн этиятсыздыгынан улам жарадар болушуп, аскерге чакырылган жоокерлердин госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби, медициналык комиссия учурунда өнөкөт же башка оорулары аныкталбай, машыгууда илдеттери курчуп кетүүдө деген бир беткей “тапталып бүткөн” жүйөөнү келтирип жатканын ошол эле Акыйкатчы институтунан билдиришүүдө. Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 аскер кызматкери кайрылган. Тогуз факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, алты факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен маалым кат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган. Көрдүңөрбү, мекенди коргоо үчүн кызмат кылган бирөөлөрдүн алмончоктой балдары буту-колунан оор жаракат алып, кабыргасы сынып, боор этине доо кетип, алды ийне жутуп жаткан чакта аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартып, күнөөлүлөргө карата маалым кат түзүү менен “жылуу-жумшак” жаза колдонуп коюп отурушат. Анан кантип адилеттүүлүккө ишеним болот?
Жаманбаева жоокерлердин укугун сактоону талап кылды
Аскер прокуратурасынын алакан жайган, “дежурный” жообуна ылайык, жоокерлер мындай жаракаттарды өздөрүнүн этиятсыздыгынан алганын айтышат. А бирок, Акыйкатчы институту жоокерлер аскердеги зомбулук боюнча ачык айтуудан кооптонорун (көп учурда жигитчиликтин “жазылбаган мыйзамын” бетке кармашканы баарыбызга белгилүү) белгилеп, ушу тапта тармактагы абал терең иликтөөнү талап кылаарын, айрым жоокерлер катуу ур-токмокко кабылгандан кийин да окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Ошондуктан, алардын укуктарынын камсыздалышы тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керектигин Акыйкатчы атайын билдирүүсүндө ачык айтып чыкты.
Жоокерлерибиздин коопсуздугу корголобу?
Аскер кызматы учурунда жоокерлер госпиталга түрдүү жаракаттар менен жиберилет. Уставга ылайык, мындай учурда тиешелүү кызматтарга, анын ичинде Аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилиши керек. А бизде бул жагы негедир унутта калгандай… Башта айтылгандай, 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин (3 айдын ичинде) Аскер госпиталына 607 жаран кайрылган, алардын 139у катардагы жоокерлер (21%). Ал эми өткөн 2023-жылы ооруканага жалпы 2160 аскер кызматкери түшкөн, анын ичинен 663ү жоокерлер (31%). Кичинекей өлкө үчүн жогорудагы көрсөткүчтөр жоокерлерибиздин коопсуздугу канчалык шартта корголгонун көрсөтүп турат.
Аскерлер арасында тукумсуздук оорусу кучак жаюуда
Соңку убакта мекенди коргоочулар арасында бөйрөк жана эркектерди тукумсуздукка алып келүүчү варикоцеле күч алганы атайын иликтөөлөрдө белгилүү болгон. Маселен, 2023-жылы 37 жоокерден бөйрөк оорусу аныкталса, 2024-жылдын биринчи кварталында эле 21 аскерден жогорудагудай илдет ырасталган. 2023-жылы жалпы 87 аскерден варикоцеле оорусу табылса, жыл башынан бери 42 аскерден аныкталды. Акыйкатчы институтунун ички иликтөөсү учурунда мекенди коргоого чакырылган жоокерлердин аскердик госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби, медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон. Кейиштүүсү, коргоо министрлигинин аскердик медициналык комиссиясында УЗИ жок болгондуктан, жоокерлердин ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт.
Келечектеги медик аскерге барып инсульт алды
Март айынын этегинде келишим менен бир айлык кызмат өтөө үчүн аскерге барган Бактыбек Бекжанов Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жеринен таяк жеп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бекжановдун жакындары жоокер буга чейин оорубаганын айтып, окуяга тиешелүү адамдарды жоопко тартууну талап кылууда. 24 жаштагы Бактыбек Бекжанов Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин 6-курсун быйыл аяктамак. Март айынын этегинде өз каалоосу менен аскерде кызмат өтөөнү чечкен келечектеги медик кичи мекени Кемин райондук аскер комиссариатында, андан соң Бишкекте медициналык кароодон өткөн. 26-мартта коргоо министрлиги Бекжановду Балыкчыдагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жиберген. 24-апрелде ал ант берип, аскердик билетин колуна алмак. Бирок, 18-апрелде анын ата-энесине аскер бөлүктөн чалып, баласы эс-учун жоготуп кулап калганын угузушкан. Улуттук госпиталда дарыланып жаткан Бактыбек Бекжановду 16-апрелде Балыкчыдагы аскер бөлүктө автомат чогултуу боюнча өткөн окуу учурунда командири автоматтын кундагы менен башка чапканы айтылууда. Буга анын автоматты туура эмес чогултканы себеп болгон. Мындан кийин 24 жаштагы Бекжановдун сол ыптасы кыймылдабай, тили булдуруктап, сүйлөй албай калган.
Ийгиликтер гана эмес, кемчиликтер да айтылса…
Акыйкатчы институту Куралдуу күчтөрүбүздөгү жогорудагыдай жагымсыз окуяларды өз көзөмөлүнө алып, аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлердин абалы тууралуу мониторинг жүргүзүп келет. Аталган институт буга чейин аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштаган. Бирок сунуш колдоо тапкан эмес. Аталган мекеме 2022-жылы соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, аскердеги зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөндө Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөр арасында “чоңсунуу” тыйыла электиги ачыкка чыккан.
Коргоо министрлигинин “эки тизгин, бир чылбыры” соңку 3 жылдан бери генерал Бактыбек Бекболотовдун колунда. Тармактагы оош-кыйыш жагдайларды, жогорудагыдай жүрөк титиреткен окуялар тууралуу сурап кайрылып турабыз. Бирок, кайрылуубуздан оңчулуктуу деле майнап чыкпайт. Министрликтин басма сөз катчысы, жардамчылары мындай маселелерге салкын мамиле кылышат.
Жакында 29-май күнү кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн 32 жылдык майрамы белгиленет. Мааракелик датада албетте, ийгиликтер менен жетишкендиктер баса айтылат. Кызыгы, дал ушул майрамдык салтанатта Куралдуу күчтөрүбүздөгү жогорудагыдай кемчиликтердин чет-бучкагы да айтылбайт. А биз замандын күрөө тамырын кармоо менен тармактагы оош-кыйыштарды тизмектеп, адилеттүү сындарды жазуу аркылуу келечекке карай түздөлүш үчүн калемгерлик вазыйпабызды аркалай бермекчибиз…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 21-майы