"Эркин-Тоо"

Куралдуу жаңжалда жаракат алган чек арачыга батир берилди

19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, чек арачынын эрдиги өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Дастан Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен темирдин майда сыныктары алынган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!