"Эркин-Тоо"

Куран жан сүннөт боюнча түш жоруу

Мөөр
Аткара турган ишти аягына чыгаруу.

Боор
Боордо өзүңүздү сүрөтүңүздү көрсөңүз жамандыкка жоорулат.

Меш
Жашоодо жакшы жашоого умтулууну билдирет.

Үңкүр
Эгер бир нерседен коркуп жашасаңыз баары калыбына түшөт. Кээ бир аалымдар үңкүр байлыкты билдирет деп айтышат.

Ара
Ара бул сот же падышаны билдирет. Ал жаатташкан тараптардын ишин чечип берет.

Жазуучу
Түшүндө жазуучуну көргөн адамдар жаман иштердин күбөсү болуп калышы ыктымал. Сол кол менен жазган адам туура эмес иштерге барышы мүмкүн. Жазуучу негизинен амалкөй адамды билдирет.

Ичүү
Суу ичүү туура жолго түшүү. Муздак суу ичүү байлыкка эгедер болууну билдирет.

Сууда сүзүү
Деңизде сүзгөн адам өзүнүн максатына билими аркылуу жетет.
Эгер деңизге бой таштап, сүзүп жүргөн болсоңуз анда сиз чоң иштерди баштап, кадыр-баркка жетесиз.

Жаздык
Кол алдыңызда иштеген адамдарды билдирет.

Тоо
Падышаны билдирет. Эгер тоого чыгып баратсаңыз анда сиздн жумуштан жогорулашыңыздан аян болуп жатат. Жетекчилик сизди тоо канчалык жогору болсо, ошончолук жогорулатат.

Таман
Адамдын таманы анын мал жандыктарын билдирет.

Ок атуу
Бирөөгө чындыкты айтып түшүндүрөсүз. Ок таамай тийсе баары сизге ишенишет. Алтын жаалар менен атуу, аялга кат жазуунун билдирет.

Имарат куруу
Пайда ишке кирет. Бойдоктор имарат куруп жатса, үйлөнүшөт. Самандан үй куруу жаклышыкка. Бышкан кирпичтен там салуу жамандыкка дешет аалымдар. Кайсы аймакта имарат куруп жатсаңыз ошол жерден пайда табасыз.

Уялуу
Уялуу жаман иштерден куткарат. Сиз туура жолго түшүп баратасыз.

Сот иши
Сот ишине катышуу жакшылыкты алып келбейт же сизге жалаа жабылат.

«АЛЬ-ФАТИХА» сүрөөсүн окугандардын Алладын сураган нерсеси аткарылат.
«АЛЬ-ФАТХ” сүрөөсүн окуган адамды жараткан жакшы көрөт.
«АЛЬ-ФИЛЬ» «АЛЬ-КАВСАР” сүрөөсүн окуган адам душманын жеңет.
«АЛЬ-ФУРКАН» сүрөөсүн окуган адам чындыкты сүйөт
«АЛЬ-ХАДЖ» бул сүрөөнү окуп жаткан, же түшүнө уккан адам ажылыкка аттанат. Эгер ооруп жаткан адамдын түшүнө кирсе, оо дүйнөгө аттанышы ыктымал.
«АЛЬ-ХАККА» сүрөөсүн окуган адамдын бир органы кесилиши ыктымал.
«АЛЬ-ХАШР» сүрөөсүн окуган адамы Алла коомчулуктагы кадырын көтөрөт.
«АЛЬ-ХИДЖР» сүрөөсүн окуп жаткан адам соодагер болгон болсо, туугандар арасында кадыр-баркка ээ болот. Аалымдар түшүндө бул сүрөөнү окуса, көзү өтүп кетиши мүмкүн. Аны көзү өткөндөн кийин эл баркын көтөрөт.

Какырык
Эгер кимдир бирөө какырык чыгарса ал дартынан арылат. Түкүрүк түкүргөн адам сөз айтып бирок анысынан кайтып кетет. Кимдир бирөөгө түкүрүү ага карата жасалган жамандык. Түкүрүк кургап калса, каржылык чыгым тартасың. Жерге түкүрүү жер сатып алууну билдирет.

Ийин
Ийинге зыян келсе аялыңызга зыян келет. Кээ бир учурда ийин ага же инини да билдирет.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!