"Эркин-Тоо"

Куран жана cүннөт боюнча түш жоруу

От
От согушту, кыяматты билдирет. Эгер түшүңүздө анын түтүнү бийик болсо, ошончолук сизге жаман боло тургандыгынан кабар берет.

Отко сыйынып жаткан адам согушту жакшы көргөн, шайтанга баш ийген адам.

Отту жеп жаткан адам, жетим –жесирлердин тамагына кол салат.

Эгер от баарын жалмап жатса, анда ошол түштү көргөн адам жамандыктарды баштап кечирип жаткан болот.

Көйнөк же адамдын бир мүчөсүн от жеп койсо, ага кайгы келет.

Эгер от сизге жарыктык берип жатса, кубанычтуу кабар күтө бериңиз.

Элдин ортосуна от жагуу- адамдар ортосунда пикир келишпестиктерди түзүп, уруштурат.

Оттун өчүшү- согуштун токтошу.

От айрым аалымдардын айтымында жасаган күнөөлөрдү да билдирет.

Отту өчүрүү — бир ишти бүтүрүү.

От айрым учурда жакшы нерсени да билдирет. Кирешени билдирген учурлар бар.

Күйүп жаткан отко жакындап баруу — жакшылыкка.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!