Кучакташуу
Түрүү адам менен кучакташуу аны менен көрүшүү дегендик. Аялды кучактоо, жашоого болгон умтулууну билдирет.
Жубайынын өлүмү
Жан дүйнө тынчтыгы орун алат деген аян.
Жемиштер
Кыйынчылык менен табылган акча.
Терезе
Жакшыллыка кирбейт
Бугу
Башкача көз караштагы адам менен таанышасың. Бугу минген адам бийликке жетишет.
Мас болуу
Спирт ичимдигин ичип мас болуу бийлик тараптан келген байлыкты билдирет. Эгер жөн эле мас абалда болсоңуз анда жаман көрүнүштөр болушу ыктымал.
Такка отуруу
Түшүңүздө чоң алтын менен коздолгон такка отурган болсоз бул жа-ман жолго алып барат.
Бий
Түшүңүздө бийлеп жаткан аялды көрүп жыргап олтурган болсоңуз анда күнүңүз кубанычтуу берекелүү өтөт. Эгерде өзүңүз бийлеп жатсаз анда бирөөнүн кайгы капасын тең бөлүшөсүз жана ошондой эле убактыңыз текке кетет. Керексиз пайда алып келбеген жумуштар менен убара болосуз.
Түрмө
Эгерде айымдар түшүндө түрмөгө камалып же бейтаныш бөлмөдө отурган болсо анда жакында турмушка чыгышы мүмкүн.
Короз
Кадыры бийик, белгилүү адам.