Жолборс
Түшүңүздө жолборстун ачуу чыккан арылдаган үнүн уккан болсоңуз, анда ач көз адам менен сүйлөшөсүз.
Ак көйнөк
Аппак таза той көйнөгүн түшүңүздө көрсөңүз, анда жакшы, ыймандуу, чынчыл жолдошуңуз болоорун билдирет. Эгерде кир, чаң баскан көйнөк көрсөңүз, тескерисинче болот.
Эгерде түшүңүздө көйнөгүңүз учуп кеткен болсо, анда реалдуу жашооңузда жалган жалаалардан сак болуңуз.
Кайын эне
Жаш келин түшүндө кайын энесин көрсө, анда жакын адамы менен келишпестиктер болот.Түшүңүздө кайын энеңиз көңүлү жайдары болуп жүргөнүн көрсөңүз, анда сиздин аракеттериңиз текке кетпей үй бүлөңүзгө жакшы атмосфера тартуулай аласыз.
Кездеме
Ким түшүндө аябай кооз жалтыраган кездемени көрсө, анда ишиңиз кыйынчылык менен жүрөт. Бирок арты жакшылык менен аяктайт.
Сууга чөгүү
Түшүңүздө сууга чөгүп кеткен болсоңуз, келечекте жашоонун ар кандай сыноолоруна кабыласыз жана ар кандай жүрөккө жакпаган күнөө иштерге барууңуз мүмкүн. Бул да болсо Жараткандын сизге болгон сабагы болуп ыйман жолуна түшүп көп дуа кылсын дегени.
Ал эми мындай түш динсиздерге кирсе, анда жараткан туура жолдо жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жатканы болушу мүмкүн.
Жол
Эгерде жаман кир жолдо кетип жатканыңызды түш көрсөңүз анда туура эмес жашоодо жашап жатканыңыздан кабар берет. Эгер кең чоң таза жолду көрсөңүз анда жаратканга жаккан түз жолдо жүрөсүз.
Сарай
Эгер жигиттер түшүндө чоң сарайды көрсө, анда жакын аралыкта түгөйү менен баш кошот. Ыйман жолунда жүргөн инсанга түшүндө сарай кирсе ал байып, карыздары болсо аны төлөп кутулат жана жашоосу берекелүү болот.
Жип- Алланын буйругу
Кеме- жардамдын келиши.
Жыгач — диний ишенимдеги саткынчылык
Таш- ырайымсыз жүрөк
Күл- эч нерсеге арзыбаган иш
Жемиштер- жакшыны жаман менен белгилөө
Жакшы жыгач- жакшы сөз
Жаман жыгач-жаман сөз
Бак-жакшы иштер
Жарык- чындыкка болгон жол
Караңгы- адашууга жол
Карга- жалган сүйлөгөн адам
Чычкан- күнөөсү бар аял
Жегде- диний ишеним
Түз жол- Ислам дини
Жамгы- билим алуу
Дубалдар-жараткандын айткандары
Ачык эшиктер- жараткан тыюу салган иштер
Кабырга- аял,
Айнек идиш- аял
Сүт- билим
Төө- бийлик
Кой- жараткандын берген белеги
Лимон- Куран окуган адам
Райхан чөп- Куранды билем деп алдаган адам
Пальма — Кудайга берилген адам
От — жок кылуу
Жылдыздар- илимпоздор
Темир куралдар- жеңиш
Жыпар жыт- жакшы иш жасоо
Корооз- кадыр-барктуу адам.
Орулуу адам эшиктен унчукпай чыкса- оо дүйнө сапар тартат
Орулуу адам сөз сүйлөп чыгып баратса- сакайып кетет
Тар эшиктен чыгуу-балекеттен кутулуу
Жер менен иштөө — жумуш
Арстан — бийлик
Түлкү- арамза адам
Ыйлоо – кубанасыз. Эгер катуу үн чыгарып ыйлап жатсаңыз-кайгырасыз.
Күлүү- капа болосуз. Жылмаюу-жакшылык болот.
Жаңгак — байлык келет.
Уландысы бар…