Жөтөл
Сиз бийликке нааразы болосуз.
Көзү өтүп кеткен адам
Эгер сиз арбактын мойнуна колуңузду артып же кучактап алган болсоңуз узак өмүр сүрөсүз.
Өлгөн кишилердин көбүн көрсөңүз, адашкан адамдарды көргөн болосуз.
Уктап жаткан арбак анын руху тынчтангандыгын билдирет.
Эгер арбак сизди үнү менен чакырып жатса, өмүрүңүз кыскарат.
Өрдөк
Бактысыз адамдар. Эгер алардын үнүн уксаңыз сизге бактысыз адамдар үн катат. Арманын айтат.
Апельсин, мандарин
Ден соолугуңуз жакшы болот.
Аз кандуулук
Ошол убакта сиздин каржылык чыгымдарыңыз көп болуп жаткандыгын түшүндүрөт.
Көпөлөк
Сиз эрки жок эркек менен таанышасыз. Көпөлөк сиздин майрамдык маанайда жашаганыңызды да билдирет. Эркек киши көпөлөк кармап алса, колуктулуу болуп, ал ага уул төрөп берет.
Көпөлөк өлтүрүү
Наристеңизди өлтүрүп алуу коркунучунан кабар берет.
Калем
Кадырлуу кесипти билдирет.
Баркыт кездемеси
Жакында саякатка чыгасыз.
Жылаңайлак жүрүү
Сиз диний түшүнүгү бар адамсыз. Жакында бардык жамандыктарыңыздан кутуласыз.
Челек
Кимде-ким өзүнүн гана челегин сууга толтуруп жаткан болсо, ал адам өзүнүн пайдасы үчүн аган иштейт. Абакта жаткан адам челектеги сууга жуунуп жатса, бар байлыгынан ажырайт. Аялынын боюнда бар адам челек менен кудуктан суу алып жатса, уулдуу болот. Кудуктан сууну челек менен алып жаткан адам байлык издеп жүргөн болот.