Шамал
Катуу шамал сизге кайгы капа келет. Шамалдын ылдамдыгы кандай болсо капаңыз ошончолук болот. Сыдырым жел Аллахтан келген жакшы нерселер. Эгер шамал идиштерди сындырып жатса, тынч эмес жашоо болот.
Жаз
Жаздын келиши душмандардын сиз тарапка болгон каршы аракети башталды дегендик.
Таза аба
Ден соолуктун жакшы болушу.
Асман булутка толсо
Ден соолук начарлашы мүмкүн.
Өрүк
Ким түшүндө өрүк жеп жаткан болсо, анда ооруп калат же жашоодо эң маанилүү нерсесин жоготот.
Азан
Түшүңүздө азан угуп жатсаңыз, анда бул Хаджды билдирет. Шайдандын тузагынан алыс болосуз жана Алла Талаага дуа кылып, жакшы иштерди жасап жүрөгүңүз жай алат.
Акула
Ким түшүндө акула көрсө, жакында бир душманына жолугушу мүмкүн.
Ананас
Ананас жемишин түшүңүздө көрсөңүз , анда баштаган ишиңиз ийгилик менен аяктайт.
Дарыкана
Ооруп жаткан адамга түшүнө дарыкана кирген болсо, жакында жакшы болуп кетет. Ал эми ден соолугу жакшы адам көрсө, ооруп калышы ыктымал.
Дарбыз
Турмуштагы аял дарбыз көргөн болсо, жакында кош бойлуу болот. Эгерде турмушка чыга элек болсо, анда турмушка чыгат.
Үй
Ким түшүндө кичинекей үйдөн чыгып бараткан болсо, анда аны тынчсыздандырып жүргөн нерседен арылат. Эгер үй чоң болуп, кеңейип калса, жыйын-терин жакшы болот.
Ат
Түшүңүздө аттын үстүндө жүргөн болсоңуз, бийлик менен байлыкка ээ болосуз. Аттын үстүндө бирөөнүн артында учкашып бара жаткан болсо, бийликтеги адамдын жардамчысы болот. Ак ат түшүңүзгө кирсе жашооңузда чоң өзгөрү болот. Ал эми кара ат түшкө кирсе, бул жаман нерсени белгиси.
Сүрөт
Сүрөт түшүңүзгө кирсе, анда сырыңызды эч кимге айтпай сактаңыз.
Эгерде тааныштарыңыздын сүрөтүн түшүңүздө көрсөңүз, анда алар менен мамилеңиз начарлайт. Өзүңүздү сүрөткө тартып жаткан болсоңуз , жакында жаңылык угасыз. Эгерде өзүңүздүн сүрөтүңүздү көрүп жаткан болсоңуз, анда бул оору.