Каш
Түшүндө каш көргөн адам бейтапты карайт делет мусулмандырдын түш жоруусунда.
Мырзалар кашты көрсө, душманын жеңет. Эгер каш ичкерип кетсе анда акча боюнча маселе жаралат. Айрым аалымдар кашты көргөн адамды жетекчилиги мактайт деп коюшат.
Жылаңач дене
Исламдын негиздериндеги түш жорууларда денесин көрсөтүп жүргөн адам жакындары менен урушат.
Эски кийим
Кадыр барктын жана эмгек менен жеткен ийгиликтин символу.
Ак чач
Кимде ким өзүн ак чачтуу көрсө анда ийгиликтер болот.
Алча
Байлык. Мырзалар алчаны бактан үзүп жесе, каржылык жактан киреше кирет. Эгер алчада курт болсо, досуңуз сизди алдап кетиши мүмкүн.
Шаркыратма
Шарткыратманы карап туруу, душмандар менен тил табышууну билдирет. Шаркыратмага жуунган адам киреше табат. Шаркыратмага чөккөн адам кыйынчылыктан чыгуунун жолун издейт.
Тердөө
Кимде-ким тердесе, оорусунан кутулат. Эгер ал адамдын дарты өтүшүп кеткен болсо, ал каза болуп калышы ыктымал. Катуу, көл-шал болуп тердөө бардык максаттардын аткаралышын билдирет.
Адамды кууп жиберүү
Кимде ким чынчыл адамды кууп жиберсе, өзү шарияттын мыйзамдарын сактаган адамдардан баш тартып кетет.
Коңгуроо
Кимде ким коңгуроо кагып жатса, ал эл арасына ушактарды таркатат.
Жарым ай
Берилген убадалардын чындыгы. Кээде жарым ай бул ажылыкты билдирет.
Ал эми тунук эмес жарым ай жамандыктын болушун билдирет.