Бийиктиктен түшүү
Бул жетекчиден келген каар жана жамандык.
Сууга чөгүү
Түшүңүздө сууга чөгүп кеткен болсоңуз келечекте жашоонун ар кандай сыноолоруна кабыласыз жана ар кандай жүрөккө жакпаган күнөө иштерге барууңуз мүмкүн. Бул да болсо Жараткандын сизге болгон сабагы болуп ыйман жолуна түшүп көп дуа кылсын дегени.
Ал эми мындай түш динсиздерге кирсе, анда жараткан туура жолдо жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жатканы болушу мүмкүн.
Таранчы
Ойногонду жакшы көргөн адам. Көңүл ачууга жакын, шайыр жүргөн киши. Эгер кош бойлуу аял көрсө, уулдуу болот. Таранчы кармап алуу ийгилик болот дегендик.
Көпөлөк
Сиз эрки жок эркек менен таанышасыз. Көпөлөк сиздин майрамдык маанайда жашаганыңызды да билдирет. Эркек киши көпөлөк кармап алса, колуктулуу болуп, ал ага уул төрөп берет.
Жылаңайлак жүрүү
Сиз диний түшүнүгү бар адамсыз. Жакында бардык жамандыктарыңыздан кутуласыз.
Эмчек эмизген аял
Үйдө жакшылык болот. Ден соолукта болосуз.
Тиштөө
Тиштөө жин келгенди билдирет. Эгер сизди бирөө тиштеп жатса, ал динден чыккан адам болушу ыктымал.
Крокодил
Душман. Эгер бул жаныбар түшкө кирсе, жалганчы соодагер, саясатчы менен кез келесиз. Бул жаныбарды өлтүрсөңүз келечекте боло турган жаман иштерден эсен-аман чыга аласыз. Эгер крокодил сизди сууга тартып кетсе, анда сизди милиция кармап алышы мүмкүн.
Дан, буудай
Кургап калган дан жамандыкка кирет. Эгер жашыл дан көрсөңүз баары жайында болот. Динден алган билимиңиз менен жакшылыктарга жетесиз. Пландар аткарылат. Эгер сиз дан эгип, ал чыккан болсо, жаешылык иш болот. Буудай сатып алуу- акча жоготосуз же үй-бүлө мүчөлөрү көбөйөт.
Буудайды ченеп жаткан адам акниет падышаны билдирет.
Ак куу
Эмгек табылган байлык.