"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Кол алышуу
Сүйүүнүн белгиси. Күнөөлөрдүн кечирилиши. Жакшы келишимдер түзүлөт. Душмандын колун кысуу ал менен жарашуу дегендикти билдирет.

Балыкчы
Балыкчы түшкө кирсе, иштериңизде ийгиликтер болот.

Базар
Базар түшүңүзгө кирсе, алдамчылык, кыянаттык кылуу, күнөө жасоо, кыжаалатчылыкты билдирет. Эгер кимдир бирөө базарда Аллахтын атын айтып жатса, ал адамдарды жакшылыкка чакырат. Эгер китеп саткан базарды көрсөңүз анда туура жолго түшөсүз.

Таттуу саткан базар
Аллахка багынуу. Ибадат кылуу.

Эт саткан базар
Кыжаалатчылык

Балык саткан базар
Турмушта дайыма киреше кирип турат.

Отун саткан базар
Диндеги саткындык жана саткынчылыкты билдирет.

Жолук саткан базар
Эгер сиз жоолук саткан базарда жүрсөңүз анда саякатка чыгасыз.

Базар күйүп жатса
Эгер түшүңүздө базар күйсө, анда ал базардагы соодагерлер туура эмес жолдо жүрүшөт.

Дарыкана
Эгер адам ооруп жатса, жакшы болуп кетет.