"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Океан
Жашоодо ийгиликке жетишип, бай болосуз. Киреше кирип турат. Океан мартабалуу болууну да билдирет.

Коркуу сезими
Эгер сиз түшүңүздө бир нерседен коркуп кетсеңиз, жакында бир жакшы иш жасап, элдин колдоосуна, сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз дегендик. Кээде коркуу сезими кылган иштерге өкүнүүнү билдирет.

Эшек
Эшек саякаттоону же өз илимин пайдаланбаган аалымды билдирет. Эшекти көргөн адам максатына жетем деп тырмаланган адам да болушу мүмкүн. Ким эшекти минип, жай жүрсө, анын жасаган иштери эл тарабынан жакшы кабыл алынып, ийгиликтүү болот. Ак эшек жакшылыкка кирет. Эгер эшек атка айланып кетсе, анда сиз даражалуу адамдан киреше аласыз. Эшектин айкырганы ошол адам жамсан жолдошунун жаман сөздөрүнө кабылат дегендик. Ургаачы эшек киреше кирет бирок, кадырыңыз төмөндөйт дегендик. Күчтүү эшек-жакшы киреше. Алсыз эшек- кембагалчылык. Түшүндө эшектин этин жеген адам байлыкка ээ болот.

Тотукуш
Сырткы келбети начар, жаман адам. Мүмкүн сиз философ менен жолугуп сүйлөшүп каласыз.

Шорпо
Шорпо-адамдын кесиби, тапканы, тутканы, жашоосун билдирет. Эгер шорпо идиште толо жана майлуу болсо, анын жашоосу жакшы болот. Эгер шорпо ичилип калган болсо, бул сиздин өмүрүңүз. Канчалык бөксө шорпо, ошончолук өмүрдүн кеткенин же калганын билдирет. Кээ бир түш жоругандар шорпо-дүйнө таанымы жакшы адам менен таанышууну билдирет деп айтышат. Майлуу эмес шорпо- кереги жок таанышуулар.
Келишим, жарашуу
Жарашуу- ар дайым жакшылыкка.

Чөл
Чөл түшкө кирсе, сиз жашооодо каалаган нерсеңизге жетесиз. Чексиз чөл-чоң кубанычтын белгиси.

Ля иляха илля-ллах,-деп айтуу
Акыйкаттык жана кубанычтуу кабар. Эгер түш көргөн адам кыйынчылык тартып жүргөн болсо, ал сыйлыкка татыйт. Кыжаалатчылыгы болсо, андан да арылат.

Сабыр
Барк жана кубанычтуу кабар. Ким бир нерседен кыжаалат болуп жүрсө, ошол иши жакшылык менен бүтөт.

Пахта
Ким түшүндө пахта тазалап жаткан болсо, ал күнөөлөрүнөн арылат.