Көмүр
Кимде-ким түшүндө көмүр көрсө, коркунучтуу адам менен жолугат. Күнөө жолунда болуп акча табат.
Үпүп
Өлкө башчысына жакын, берилген адамды билдирет. Кыйынчылыкта жүргөн киши түшүндө үкү көрсө, кыйынчылыктардан арылат.
Укроп
Жакында сизди бирөө мактайт.
Аарынын уюгу
Үй эсси көрсө, аялын билдирет. Аарылар болсо тукумун улаган балдары болот. Ал эми бал- байлык болуп эсептелет.
Көчө
Түшүндө көчөлөрдү көргөн адамдар бир аз турмуштук кыйынчылыктарга тушугат.
Жылмайган адам
Эгер жылмайган адам көрсөңүз бул сүннөт. Кубанычтын белгиси.
Күнөөлөө
Эгер кимдир бирөөнү түшүңүздө күнөөлөп, урушуп жатсаңыз ал ыйман жолуна түшөт.
Мугалим
Түшүндө мугалим менен жолуккан адам өлкө башчысы же башка чиновник менен жолугушат. Мугалим Куран окуп жатса. Бул Аллага жакындагандыкты билдирет.