Аракет кылуу
Түшүңүздө аракеттенип жатканыңызды көрсөңүз, анда сиздин кылган аракетиңиздин артында жакшы иштер аткарылат. Көздөгөн максатыңызга жетесиз.
Мурут
Сүннөттү карманасыз. Эгер мурут узарып кетсе, жамандык болушу мүмкүн.
Зергер
Жасалмалуулук, жалганды билдирет. Эгер зергер мечиттин ичинде намаз окуп жатса, жакшылыкка.
Жигит
Түшүңүздөгү жигит энергиялуу, күчтүү душманды билдирет. Эгер чачы сары болсо, ал ачык душман. Эгер чачы кара болсо душманыңыз бай адам болот. Жигитти ээрчип кетип жатсаңыз душманга жеңилесиз. Эгер жигит кары адамга айланса — сиз акылдуу боло баштайсыз.
Юсуф пайгамбар
Кимде –ким Юсуф пайгамбарды түшүндө көрсө, түрмөдө болсо бошонот. Аялдар сизди кадырлай башташат. Эгер Юсуф пайгамбар аялдын түшүнө кирсе, ал бай боло баштайт. Кайрымдуулук иштерине аралаша турган адамдын да түшүнө Юсуф пайгамбар кирет.
Тил
Тил узарып, же чоң болуп кетсе, сиз душмандарды жеңип чыгасыз. Эгер тилиңиз өтө узарып кетсе, анда сиз уятсыз адам болосуз. Эгер сиз түшүңүздө сүйлөйм деп сүйлөй албай жатсаңыз, анда сиздин сөздөрүңүз өзүңүзгө каршы колдонулат. Тилсиз калуу — жакшы эмес адамга бир нерсе бересиз. Эки тилдүү болуу — көп тил билүүнү жана кыйынчылыктарды жеңип чыгууну билдирет.