Жылтырак жоолук
Эгер жоолук алтын жиптер менен саймаланса, сиз жумушта ийгиликтүү болосуз. Сизге ийгиликке жетүүгө жардам берген адамдар болот.
Жашыл жоолук
Жашыл түс жаңы нерсенин пайда болушун билдирет. Эгер аял турмушта болсо над балалуу болот. Сиздин үйдө жакында жакшы окуя болот.
Алтын жоолук
Күтүлбөгөн жерден каржылык толуктоо болот. Мүмкүн сизге айлыгы көп жумуш сунушташат. Же сиз бир мураска эгедер болосуз.
Жоолукту чечүү
Эгер сиз бирөөнүн алдында жоолукту чечип жаткан болсоңуз, анда сиз ага ишенесиз. Сырыңызды айтканга даярсыз.
Жоолук салуу
Жеке жашоодогу жаңы бурулуштар. Сиздин жубайыңыз менен болгон мамиле жакшырат.
Жоолукту белек алуу
Сизге бирөө сыр айтат. Аны өмүр бою сактап жүрүшүңүз керек.
Жоолук сатып алуу
Эгер сиз түшүңүздө жоолук сатып алган болсоңуз жакын адамдарыңыздын ичинен колдоо издеп жүрөсүз.