"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Кир, ылай
Эгер адам өзүнүн кийиминен кирди көрсө, бул анын кылган күнөөлөрү.
Кир, ылайдан баскан адам коркуу сезими менен жашайт.

Кургакчылык болуп жаткан убакта ылай түшкө кирсе, түшүм жакшы боло тургандыгын билдирет.

Ылайдан суурулуп чыгуу — эгер ооруп жаткан болсоңуз дарттан арыласыз.

Баш кийим
Ким түшүндө баш кийим кийсе, бийликке келет. Эгер баш кийим тытылган, кир болсо аны кыжаалатчылык каптайт. Баш кийим башынан шыпырылса, бийликти жоготосуз.

Эгер аял кош бойлуу кезинде баш кийим кийсе, эркек балалуу болот.

Бойдок кыз баш кийим кийсе, турмушка чыгат.

Баш кийим тескерисинен ичи сыртына болуп кийилсе, бийлик алмашат.

Кир баш кийим- жетекчинин башына келген кырсык.
Бирөө баш кийимди башынан алып алса, баш кийим алдырган адам өмүрү менен кош айтышы ыктымал.

Жамгыр
Эгер жамгыр сизге жоготуу алып келбесе, жакшылыкты билдирет. Эгер жамгыр түшүңүздө кээ бир нерселерге зыян келтирсе ал Алланын каары. Сиз көп күнөө кылып койгон болушуңуз ыктымал.

Көпкө созулган жамгыр түшүмдүүлүктүн мол болушунан кабар берет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!