"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Баш кийим
Ким түшүндө баш кийим кийсе, бийликке келет. Эгер баш кийим тытылган, кир болсо аны кыжаалатчылык каптайт. Баш кийим башынан шыпырылса, бийликти жоготосуз.
Эгер аял кош бойлуу кезинде баш кийим кийсе, эркек балалуу болот.
Бойдок кыз баш кийим кийсе, турмушка чыгат.
Баш кийим тескерисинен ичи сыртына болуп кийилсе, бийлик алмашат.
Кир баш кийим — жетекчинин башына келген кырсык.
Бирөө баш кийимди башынан алып алса, баш кийим алдырган адам өмүрү менен кош айтышы ыктымал.

Жамгыр
Эгер жамгыр сизге жоготуу алып келбесе, жакшылыкты билдирет. Эгер жамгыр түшүңүздө кээ бир нерселерге зыян келтирсе ал Алланын каары. Сиз көп күнөө кылып койгон болушуңуз ыктымал.
Көпкө созулган жамгыр түшүмдүүлүктүн мол болушунан кабар берет.

Кар
Кардын жаашы ден-соолуктун жакшы болушунан кабар берет. Түшүмдүүлүк мол болот.
Бирок кар жай айылда жаап койгон болсо, анда чыгашалардын болушу ыктымал.

Планета
Ак сөөк адамды билдирет.
Эгер сиз жылдыздарды көрсөңүз, белгилүү адамдар менен ырыскылаш болосуз. Жылдыздар менен мамиле куруу тарган адам түшүндө топтошкон жылдыздарды көрөт.
Жылдызды колго кармаган адам сулуу уулдуу болот.
Эгер бай адам жылдызы жок асман көрсө, байлыгынан кол жууйт.
Жылдыздар аалымдарды да билдирет.
Күндүз жылдыз көргөн адам — кыйынчылыктарды баштан кечирет.
Бирдей жылдыздар — жакшы кабар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!