"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Көпүрө
Көпүрө адамды жамандыктан куткара турган белги. Сиз чарчаңкы тартып турсаңыз, баары жакшы нукка түшөт. Көпүрө-таасири күчтүү адам менен таанышууну да билдирет. Ал адамдарга жардам берип жашоосун жеңилдетет. Көпүрөдөн өтүү-саякатка чыгууну билдирет.

Камыр
Алаадан берилген байлык. Түшүмдүн мол болушун да билдирет. Ким камыр кылып жаткан болсо, анын тукуму уланат. Көбөйөт. Тез ачыган камыр-байлыкка. Көтөрүлбөй жаткан камыр каржылык чыгымга.

Көз
Көз сиздин психологиялык, физикалык абалыңызды билдирет. Эгер көздүн өңү начар болсо, жакшы эмес жагдай.

Көз ириңдесе ал адам байып кетет деп да айтылат.

Көз ооруса бирок, көрүү курч бойдон калса, ал адамга жалаа жабылышы мүмкүн. Бирок, аны Аллах өзү коргойт.

Көздүн ден соолугун жакшылып карап жаткан адам диний билим алат.

Сурманы көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн коюп жаткан адам диний билимин жакшыртат.

Түшүндө сурма белек алган адамга каржылык киреше кирет.

Эгер адамдын көзүнүн көрүүсү жакшы болсо, бирок коомчулук аны көрөбөйт деп ойлосо анда көзүнүн көрүүсү жакшы адамдын диний түшүнүктөрү терең болгон болот.

Көздүн көп болушу диний түшүнүктүн жакшырышы.

Жалгыз көздү көрүү-диндеги ишенимдин жакшырышын билдирет.

Эгер өзүн жакшы эмес жолдо алып жүргөн адам жалгыз көздүү болуп түшкө кирсе, анда ал адам динден чыгып, жаман ишке аралашат.

Бир көздүн жоголушу — Кудайдын берген талантынан кур жалак калуу.
Эки көзүн жоготуу — ар дайым сизге кубаныч алып келген нерседен айрыласыз.

Карышкыр
Башка адамдарды көзгө илбеген адам. Уурулукка келген адамды да билдирет. Эгер карышкырга ууга чыккан болсоңуз анда жетекчилик сизди жумуштан өйдөлөтөт. Карышкыр тиштеп алса, карыздар болосуз, айып төлөп калуу коркунучу бар.

Карышкырдын сүтү көйгөйлөрдүн жаралышын билдирет. Карышкырдын уулуганын уккан адамды жакында каракчылар тоношу мүмкүн.

Жыгач идиш
Жумушту билдирет.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!