"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Суу
Суу бул адамды сыноо.

Карга
Сиз менен адилеттүү, чынчыл болбогон адам.

Чычкан
Күнөөсү көп аял.

Тоок
Акылы аз аял же кыз. Эгер тоокту кармап алсаңыз анда сиз акча табасыз. Тооктун канаттарын кармоо, терүү- акча таабасыз. Сиз ал акчаны акыл менен коротосуз.

Крест
Жамандыктын белгиси.

Алакан
Мырзанын күчү. Жайылган ачык алакан ошол адамдын береке толгон жакшы жашоодо жашап өтүшүн билдирет.

Манжа
Жумуштардын бүтүшүн билдирет.
Жакындар менен араздашуу
Ким түшүндө жакындары менен урушуп жатса, ал адашууда.

Жаздык
Кулду билдирет. Жаздык менен эмне болсо кул менен да ошондой окуя болот.

Бет аарчы
Бет аарчы да кулду билдирет. Аны менен эмне болсо, кул менен да ошол окуя болот.

Тигүүчү
Тигүүчү түшкө кирсе, ал араздашууларды токтоткон адам. Ал оор басырыктуу киши. Келип, береке алып келет. Бардык иштерди ирээтке келтирет.

Адамды жерге көмүү
Ким өзүн көмүлгөн абалда көрсө, саякатка чыгып, ошол жактан бай болуп кайтат. Ким өзүн тирүүлөй көмүлгөнүн көрсө, ал түрмөгө түшүп, аны ал жердеги душмандары кысымга алат.

Уландысы бар…

too.kg)