"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Жума намазын окууга чакыруу
Кыйынчылыктан кутулууну билдирет. Максатыңызга жетесиз.

Саякат
Эгер саякатчы түшүндө кедей болсо, ал байып кетет. Саякатка чыккан адамдын турмушунда өзгөрүү болот. Саякаттан кайтып келсе, кылган ишине өкүнүүнү билдирет. Эгер оорукчан адам саякатка чыкса, өмүр менен кош айтышы мүмкүн. Саякат кыйынчылыктары да билдирет. Саякат негизи жашоодогу өзгөрүүнү билдирет.

Эмир, жетекчи
Кимде ким жетекчини көрсө, ал бойдок болсо үйлөнөт да бир үй-бүлөгө баш көз болот.

Жума
Кимде ким жума күндү түшүндө көрсө ага береке келет. Чачылганын жыйнайт. Аллах ага жардам берет. Жума намазды окуган адам кубаныч, жакшы көргөн адам менен көрүшөт. Жана да майрамда болот.

Жарашуу
Түшүндө жарашуу болсо, жакшылыкка.

Кулоо, ылдый түшүү
Жамандык. Падышадан келген жаман буйрук.

Аялдын үстүнө жамынган төшөгү
Аялдын сулуулугунун сыры. Аялдын төшөгү анын жолдошун да билдирет. Төшөк менен эмне болсо, жолдошу ошондой окуяга туш болот.

Суунун агымы
Суунун агымы душмандык жасаган чабуулу. Эгер адамдар андан киреше тапса, аягы үзүлбөгөн жакшылыктар келет.

Жыйын
Аалымдардын чогулушу түш көргөн адамдын кадырынын көтөрүлүшү. Илиминин бекемдеши. Эгер кимдир бирөө жыйында кабар айтып жатса, аны элдер акырына чейин угуп жатышса, анын буйруктарын эл өмүрүнүн акырына чейин аткарат.

Кургакчылык
Кедейчилик. Тынч жашоодо жашоо.

Кара таш
Ажылыкты билдирет.