"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Тердөө
Кимде-ким тердесе, оорусунан кутулат. Эгер ал адамдын дарты өтүшүп кеткен болсо, ал каза болуп калышы ыктымал. Катуу, көл-шал болуп тердөө бардык максаттардын аткаралышын билдирет.

Суунун агымы
Душмандардын кол салуусу. Эгер ал суудан элдер пайдаланып жатышкан болсо, сизге байлык келет жана анын арты үзүлбөйт.

Тамдын шыбы
Эгер тамдын шыбы сиздин үстүңүзгө кулап кетейин десе, анда сиз кимдир-бирөөнүн каарынан коркосуз. Шып кулап кетсе, кыйноо тартасыз. Бийик шып көрсөңүз, даражаңыз бийиктейт.

Сел
Ийгилик, байлык.

Шорпо
Адамдын жашоосу. Келечеги. Шорпо майлуу болсо жашоосу берекелүү болот. Шорпонун канчасы ичилип калган болсо, адам ошончо жашоосун жашап койгон болот. Кээ бир аалымдар майлуу шорпо бул дүйнө тааным, жакшы тааныштарды билдирет деп айтышат.

Өбүшүү
Максаттардын аткарылышы

Жоголгон адамдын пайда болушу
Жакшы иштердин болушунан кабар берет.

Майрам
Кыйынчылыктардан куткарыласыз.

Май сактан адам
Аалым. Ал сизге өзү билгенин айтып берет.

Идиш
Алюминий, айнек идиштер сиздин кол алдыңызда иштеген адамдарды билдирет. Алтын идиштер, падышанын каары. Чопо идиштерди көрсөңүз соода иштериңиз жакшы болот. Күмүш жана алтын идиштерди колдонуу, күнөө кылууну түшүндүрөт. Эгер андай идиштерден көзү өтүп кеткен адам тамак ичип жатса, ал бейишке чыккан болот.