"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу (уландысы)

Ичеги-карын
Ким ичеги-карын көрсө, ал өзүнүн туура эмес жумуштарына каражат коротуп койгон болот. Аны мойнуна алат.

Сууга киринүү
Ким киринип жатса, ал мурдагы жумуш ордуна кайып келет. Киринип бүтүп, ар кандай кийим кийген адам кыйынчылыктардан арылып, бирок муктаждык пайда болот.

Гусул алуу
Кимде-ким түшүндө гусул алып жетишпей калса, ал ишин каалагандай бүтүрө албайт.
Көпчүлүк менен кошо сууга чайынып жаткан адам жоготкон нерсесин таап алат.
Гусул алып, намаз окуган адамга Аллах жардамга келет.

Учуу
Шаардын үстүнөн учсаңыз, сиз бийликке жетишип, падышалар да сиздин сөзүңүздү угушат.
Учуп баратып куласа, адам эмненин үстүнө куласа ошону алат. Эгер бийликке тийешеси жок адам көрсө, ооруп калышы ыктымал. Бул адамдын оо дүйнө сапар тартып кетүүсүн да билдирет.
Бир жерден экинчи жерге ийгиликтүү учуп келүү — саякатка чыгууну билдирет.

Өйдө-ылдый учуу — тилеген тилектер аткарылат.
Көгүчкөн сыяктуу учсаңыз — кабар угасыз.

Адамдын бешенеси
Эгер ал тырык болсо, кадыр-баркына шек келтирилет.

Кашык
Жумушту туура, адилет башкарган адам.

Аялдын чачы түшсө — ажырашуу болот.

Баканын чардаганы — жетекчиликке кызмат кылуу.

Бал- таза мээнет менен табылган байлык.

Көп өлчөмдөгү бал -билим алууну билдирет.

Балдан жаан жаап жатса — диний ишеним бекемдейт.

Эмгектенүү
Түшүңүздө маңдай териңиз менен эмгектенип, иштеп жаткан болсоңуз, же бирөөнүн иштеп жатканын байкап олтурган болсоңуз, анда жакында байлыкка сый — урматка ээ болосуз.

Ботко
Кимде ким картошкадан даярдалган боткону жесе, жан дүйнөсү жабыркап, кадырын жоготот.

Кубануу
Күнөөсү бар адамдын күнөөсүн мойнуна алгандыгы. Эгер кимдир бирөө кыйналып жаткан болсо, кубанычка бөлөнөт.

От
Жокчулук, кыжаалатчылык. От тийген нерсесин жок кылат. От көргөн адам этият болуусу керек.

Карышкыр
Башка адамдарды көзгө илбеген адам. Уурулукка келген адамды да билдирет. Эгер карышкырга ууга чыккан болсоңуз, анда жетекчилик сизди жумуштан өйдөлөтөт.

Кучакташуу
Тирүү адам менен кучакташуу — аны менен көрүшүү дегендик. Аялды кучактоо, жашоого болгон умтулууну билдирет.

Жубайынын өлүмү
Жан дүйнө тынчтыгы орун алат деген аян.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!