"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу.Уландысы.

Каш
Мырзалар үчүн кашынын калың болушу диндеги орду жана кадыры. Эгер каштын ортосу биригип калса, сизге бирөө жакшы сезимдерин айтат. Эгер каш узарып көздү жаап калса, анда уулуңуздун же досуңуздун байлыгы кемийт же көбөйөт. Каштын калың болушу жашоосун татыктуу жашап жаткан адамга кирет.

Көз
Адамдын туура же туура эмес жашап жаткандыгынан кабар берет. Көздүн көп болушу диний ишенимдин жогорулашы болот. Эгер көз темирден болсо, жамандык болот.
Көздүн курч көрүшү, турмушта бардык нерсеге түз көз караш менен кароо.
Көздө тактын болушу ага анын жакынынан айрыларынан кабар берет. Көздүн начар көрүп калышы Жараткандан келген жаза.
Көздүн кызарышы. Түш көргөн адамдын кыжыры кайнай турган жагдай болот.
Көзүн жоготуу- баланы жоготуу.
Такыр көрбөй калуу диний ишенимдин алсызданышы.
Көздүн кыйыгы менен кароо- кимди карасаңыз аны менен касташасыз.
Жүрөктөгү көз- тазалык, жан дүйнөнүн тазалагы.
Көк көз- жаңылык болот. Жашыл көз-диний ишеним алмашат. Кара көз жараткандан коркуу. Көгүш көз — чынчыл эмес адам.
Бай болуу — бар байлыкка каниет кылуу. Каниет кылуунун өзү байлык.
Короз уруш — намазга чакыргандар арасындагы урушту баштоо.
Кимде ким колунда көзүн көрсө, капчыгы кампаят.
Кедей адамдын көзү көрбөй калганы түшүнө кирсе, кыйынчылыктардан куткарылат.
Эгер саякатта жүргөн адам көзүнүн көрбөй калагынын көрсө, ал дароо саякатынан кайтышы керек.

Бокал
Жардамчы же аялды билдирет. Эгер бокал толо болсо аялыңыздын боюнда бар.

Оору
Диний ишенимде болуп туруп, эрежелерди так сактабаган учурда кирет.

Саз
Иштердеги ийгиликсиз кадамдар.

Бейтапкана
Эгер сиз бейтапканага оорулуу адамды көргөнү барсаңыз. Жакында иштериңизде ийгиликтер жаралат.

Бейтап
Бейтапты түшүндө көргөн адам бай болсо, байлыгы азайып, муктаждык жаралат. Түшүндө оорудан каза болгон адам кедейликтен кутулат. Эгер саякатка чыгууга камданып жаткан адам бейтапты түшүндө көрсө, жолго чыкпай турганы оң.

Ооруу
Бел ооруса, үйдө тынчсыздандырган маселелер пайда болот. Бут ооруса, Жараткнадын жолунда көп кызмат кыласыз. Боор ооруса, балаңызды капа кылып аласыз. Жүрөк ооруса диний ишенимдерди жайылтууда сиздин эркиңиз аз дегендикти билдирет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!