"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу. Уландысы.

Отун
Байлыктын көбөйүшүнөн кабар берет.

Устара
Душмандыктын белгиси.

Кырынуу
Адам кырынса, жайчылык орун алат. Көз жана баш оорудан арылат. Эгер адам кырбай турган жерин кырып жатса, жоготууга учурашы ыктымал. Башты кыруу ага тапшырылган жумушту аткаруу болуп эсептелет. Чачты кыскартып кыруу- кооопсуздук. Сакалды кырган адам байлыгын жоготот.

Күнөө
Карызды билдирет. Ким күнөө кылса, карызга акча алат.

Козу карын
Бир же эки козу карын жамандыкка. Эгер көп болсо жараткандан белек келет. Козу карынды жеген адамда кубанычтуу окуя болот.

Алмурут
Ден соолуктун начарлашынан кабар берет.

Эрин
Адамдын жардамынан аян берет. Кимдин эрини кесилип алынган болсо ал ушак тараткан адам болот. Эгер эриндер ортосунда суу бар болсо, анда ал достору менен араздашып калышы ыктымал. Үстүңкү эринди көрүү жакшылыктан кабар берет.

Көпөлөк курт
Жашоодо досуңдан жапа чегесиң.

Камчы
Эгер асмандан түшсө, жамандык болушу ыктымал. Эгер жөн эле көрсөңүз, анда сиз муктаждарга зекет бөлүү иштерине катышасыз.

Чычкан
Чычкан чөнтөк ууруну билдирет. Сиз сак болушуңуз керек.

Тамбашы
Тамдын башын көргөн адамдын үйүндө жакшылыктар болот.

Кумура
Эгер кумурадан суу ичсеңиз үйдө бөбөк төрөлөт. Эгер башка бирөө кумурадан суу ичип жатса, ал аябай эмгекчил адам болот.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!