"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу (уландысы)

Суунун жээги
Башталган иштердин жакшы жыйынтыктары болот.

Качуу
Аллахка жакын болуу. Коопсуздук, күнөөнү мойнуна алуу. Душмандан качуу андан кутулууну билдирет. Ажалдан качуу, өмүрдүн кыскарышы.

Сууга кайнатылган тамак
Алладан келүүчү ырыскы

Жаз
Душмандардын келиши. Этият болуңуз.

Саякаттан кайтуу
Саякаттан кайтуу, жаман иштерден кутулуу, ийгиликтердин башталышы.
Саякаттан кайтуу адамдын күнөөсүн мойнуна алгандык болуп эсептелет.
Соодагердин тамагына өсүп чыккан жүн же кыл
Соодагердин ишинин жүрүшү кыйындайт.

Бит
Адамдын кайгы капасы. Чыгашасы.

Битти жок кылуу
Кыйынчылыктан куткарылуу. Бит чагып алса, бирөөлөр сиз менен урушушат. Кимдин денесинен биттер түшүп жатса, ал байлыкка эгедер болот.

Мык
Бир адамды жардамы менен ийгиликке жетишүү.

Титирөө
Түш көргөн адам титиресе, ал кыйынчылык тартып жаткан болот.
Кол титиресе жумуштагы кыйынчылыктар. Бел жак титиресе, туугандар тараптан бир кыйынчылыктарды тартасыз. Бут титиресе каржы жагынан кыйынчылыктарды тартасыз.

Калтырак басуу
Келишимдер аркылуу болгон иштердеги кыйынчылыктар.

Коон
Иштеги ийгиликтер

Дос
Жакшы баарлашуу

Торгой
Бай жана сулуу аял менен таанышуу

Муунтуу
Эгер сизди бирөө муунтуп жатса ал сизге сырын айтат.

Кирпи
Таш боор адам менен жолугасыз.

Аялдын ооруп калуусу
Эгер колуктуңуз түшүңүздө ооруп калса, ал сиздин дин жолуна түшүүңүзгө жардам берет.

Аялдын тили кесилсе
Ал аял уяттуу, ыймандуу болот.

Аял киши эркектердин намазында имам ордуна өтсө
Ал аял жакынкы аралыкта бул дүйнө менен кош айтышат. Анткени эч качан аял эркектердин намазын башкара албайт.

Адамдын ичи
Бул байлык жана перзенттер

Көшөгө
Сырын жашырган дос же жолдошунун байлыгын жашырган аял. Бир сырдын катылуусунан кабар берет.

Тиш ооруу
Жакын адамдарыңыз менен урушасыз.

Котур
Денени котур басып кетсе, ал адам жакындарына жардам берип жүрүп чарчайт. Эгер денеге чыккан котурдун ириңи бар болсо, ал байлыкка ээ болот.
Аны тырмап салуу кыйынчылыктар аркылуу байлыкка жетүүнү билдирет.
Котурдун кычышуусу
Адам ата-энесинин ден соолугу үчүн кабатырланып жатат.

Чоң балык
Кайгыруу, капалануу.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!