"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу. Уландысы.

Алмаз ташы
Үйдөгү кубаныч. Эгер алмазды колуңузга кармап турган болсоңуз, анда бактылуу турмушта жашайсыз.

Араба
Түшүңүздө көргөн араба турмуштун кандай болоорунан кабар берет. Эгер тарткан араба толо болсо, анда турмушуңуз жакшы болот. Эгер бош болсо, кыйынчылык баштан өтөт.

Ананас
Башталган иштердеги ийгиликтерден кабар берет.

Периштелер
Түшкө периште кирсе, кадырыңыз көтөрүлөт. Чоң периште көргөн адам жараткандын жакшылыктарына эгедер болот.
Эгер периштелердин мечитке кирип жаткандыгын көрсөңүз, сиз садака беришиңиз керек болот.
Эгер периштелер сиздин көчөңүзгө түшкөн болсо, жамандык кылганды токтотушуңуз керек жана тараза тартууда элди алдаганды токтотуу абзел. Негизи эле периштелерди түш көргөн адам Алла жолуна түшүшү керек. Ажылык сапарга чыгып, турмушуңузда жакшы өзгөрүүлөр болот.

Колуна жемиш көтөргөн периштелер түшкө кирсе, сиз дин жолунда жүрүп жан бересиз. Периште бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирсе, демек ал үйгө жакында ууру кириши ыктымал. Периште сиздин колуңуздагы куралды тартып алса, ажырашуу болушу ыктымал. Периштелер сизди каргап жатышса, анын диниий ишеними төмөн болгонун билдирет.

Апельсин, мандарин
Ден соолук чың болот дегенди билдирет.

Дарыкана
Эгер ооруп жаткан адам көрсө, сакайып кетет. Дени сак адам көрсө, ооруп калат.

Арафат тоосу
Бул тоону көргөн адамдын жакыны жоголгон болсо, ал кайтып келет. Бирөө менен араздашып жүрсө жарашат. Анан да бул тоону көргөн инсан ажылыкка барышы керек деген белги.

Дарбыз

Дарбыз көргөн аял кош бойлуу болот. Эгер адам дарбыз жеп жатса, каалаганына эгедер болот. Сары дарбыз сыркоо. Эгер адам өз үйүнө дарбыздарды ыргытып жатса, ар бир дарбыз жакын адамынын өлүмү деп жоорулат.

Камактагы адам
Сизди кыйынчылыктар күтүп турат.

Астроном
Сизди алдаган адам.

Балык

Көп балык байлыкты билдирет. Саны белгилүү балыктар аялдар. Эгер балык кармап алсаңыз эмгек менен ийгиликке жетесиз. Туздуу балык кыйынчылыктарга. Куурулган балык саякатка чыга турган адамдарга кирет. Ким балык кууруп жаткандыгын көрсө, пайдасы жок иштерди жасайт. Куурулган балыкты жегендик жакындар менен араздашууну билдирет.

Ууру
Жаман адам. Түшкө ууру кирсе, жакында боло турган чыгымдардан этият бол дегендик. Эгер ууру үйгө кирип, эч нерсе албай чыгып кетсе, анда ошол үйдөн бирөө ажалдан аман калат.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!