Сөөк
Эгерде кимде ким түшүндө сөөк көрсө, анда жакында үй бүлөөсү менен мамилелери жакшырып, жылуу болот же болбосо, жеке иштеринде ийгилик жаралат. Ооруп жаткан адам түшүндө сөөк көргөн болсо, анда оо дүйнөлүк болот.
Эшиктин тирөөчү
Эгерде ким түшүндө эшиктин тирөөчтөрүнүн баары кулап калганын көргөн болсо, эгер ошол түштү көргөн адамдын эки кызы болсо, экөө тең көз жумат. Ал эми көп кызы болсо, анда баарын турмушка берет. Мырзалар түшүндө ачык эшиктин жабылып калганын көргөн болсо, жакында жубайы менен ажырашат. Тескерисинче бир үйдүн жабык эшигин ачып жаткан болсо, анда бул үй тааныш болсо үйлөнөт, эгер тааныш эмес үй болсо, Алла Талаа анын дуаларын кабыл кылган болот.
Мышык
Мышык – китепти билдирет. Ким мышыкты түш көргөн болсо, анда жубайы тарабынан түшүнбөстүктөр жаралат . Кээ бир адамдар түшүндө мышык көргөн жакшылыктын белгиси деп айтышат. Ким мышык көрсө,баардык балээ кырсыктан алыс болот. Эгерде мышык бир жериңизди тиштеп, аймап алса , чогу иштегендер сизди алдап кетиши мүмкүн же ооруп каласыз.
Капчык
Ким түшүндө ичинде толтура акчасы менен капчык таап алса, жакында байып ийгиликке жетет. Эгерде бош капчык таап алган болсо, анда жашоодо көп сыноолорго кабылат.
Кастрюль
Түшүңүздө кастрюлга бирөө бир нерсе кайнатып жатканын көрсөңүз, анда жакында жашоо шартыңыз жакшырат. Эгерде, кастрюлда эт салынган шорпону көрсөңүз, анда бул өз мээнети менен акча тапкандын белгиси же бирөө жарым менен урушасыз.
Боёк
Мырзалар түшүндө сакалын боёп жатканын көрсө, анда шарияттын мыйзамдары менен жашаганды билдирет. Эгерде кимде — ким манжаларынын боёлгонун көрсө, анда чыныгы жашоосунда көп ийгиликтерге жетип жашоосу өзгөрөт. Эгерде айымдар түшүндө колу хна менен боёлгонун көрсө, анда жолдошу ага жакшылык кылат. Чачты кара хна менен боёлгонун көрсө, иштеринде кыйынчылыктар болот.
Сүт
Билим. Динге болгон ишеним. Сүт жаратылышынан динге ишеними күч адамдарга кирет.
Кара терилүү аял
Чума ооруусу, дарт.